www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында 2021-жылы ири долбоорлор уланып, шаарды иретке келтирүү иштери жүрөт. Бул тууралуу шаар мэри Таалайбек Сарыбашев билдирди.

Анын айтымында, Ак-Буура дарыясынын жээктерин бекемдеп, көрктөндүрүү иштери уланат.

Ак-Бууранын жээгин шаардыктар ден соолугун чыңдап, эс алып, сыймыктанып көрсөтө турган жайга айландыруу аракети жүрүүдө.

Быйыл Манас-Ата кичи районунда оңдоо иштери жүрүп, Салиева көчөсү өзгөртүлөт.

Бүгүнкү күндө Салиева көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы мыйзамсыз курулуштар алынып, оңдоо иштерине даярдыктар жүрүп жатат.

--«Шаардагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, маданият тармактарында иштер жүрөт. Элибиздин жардамы менен жакшы максаттарыбызды ишке ашырабыз. Өткөн жылы да пандемияга карабай, алдыга койгон максаттарды ишке ашыра алдык. Биз элдин кызматындабыз»,— деди мэр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости