www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаевдин Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министри Д .Мантуров менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Элчиликтин маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө Сагынбаев «Спутник V» коронавирус вакцинасын Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштыруу сунушун киргизди.

Жеңил өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүдө жана Кыргызстанда өндүрүлгөн чийки заттарды экспорттоодо кызматташтыкты чыңдоо маселелери кеңири талкууланды. Тараптар жакынкы келечекте «өнөр жай картасын» иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча келишимге жетишишти.

Россия тарабы өнөр жай тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунан алынган жеңилдетилген насыяларды пайдаланууну сунуштады.

Ж. Сагынбаев менен Д. Мантуров соода-экономикалык кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн, анын ичинде автомобиль өнөр жайы, жеңил фармацевтика өнөр жайы жаатында жогорку өндүрүмдүү жаңы жумушчу орундарын түзүү жаатында кызматташууну кеңири талкуулашты.

Россиянын Өнөр жай жана соода министри кыргыз тарабын 2021-жылы апрель айында Өзбекстан Республикасында өтө турган «ИННОПРОМ» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого өз ара кызыкдар экендигин ырасташты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости