www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооганстандагы террордук топтор Тажикстан менен чектеш түндүк жана чыгыш аймактарына активдүү көчүп жатышат. Бул тууралуу Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода Дүйшөмбү шаарында терроризмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык жана аймактык кызматташтык боюнча жогорку деңгээлдеги конференцияда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
«Учурда Ооганстандын аймагында, айрыкча түндүк аймактарында жихадчылардын медреселери түзүлүп, террористтик топтор түштүк жана чыгыш аймактардан түндүккө активдүү жылып жатышат», - дейт Рахимзада.
Анын айтымында, дүйнөдөгү, өзгөчө Борбор Азия чөлкөмүндөгү коопсуздуктун деңгээлине таасир этүүчү эң маанилүү фактор бул Ооганстандагы кырдаалдын өнүгүшү.
«Учурда Ооганстан бардык террордук уюмдар үчүн жагымдуу борбор катары кызмат кылууда», - деди министр.
Анын айтымында, учурда өлкөдө 20дан ашык террористтик уюмдар иш алып барууда, алардын арасында ар кайсы өлкөлөрдүн, анын ичинде региондогу мамлекеттердин жарандары да бар.
Булак: NazarNews.kg