www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму Ооганстандын эркин журналисттери менен бирге баяндама жарыялады.
20-декабрда жарык көргөн баяндамада Ооганстанда Талибан бийликке келгенден бери 231 ЖМК жабылганы, 6400 журналист жана ЖМК кызматкери ишсиз калганы айтылат. Баяндамада көбүнчө аял журналисттер бул режимдин репрессиясынан жабыркаганы белгиленген.
"Чек арасыз кабарчылар" Ашраф Ганинин тушундагы башкаруу менен 15-августта Талибандын бийликке келишинен кийинки ЖМКнын абалын салыштырган. Баяндаманын авторлору бийликке талибдер келгенден кийин журналисттерге кысым күчөгөнүн айтышкан.
Ооганстанда иштеген 543 ЖМКнын ичинен учурда 321си гана иштеп жатат. Башкача айтканда, төрт ай ичинде ЖМКлардын 43 пайызы жабылган. Алардын көбү жергиликтүү басылмалар. Маселен, Герат провинциясында ЖМКлардын 65% жабылып, бүгүнкү күндө 51 маалымдоо каражатынын 18и гана иштеп жатат. Кабулда ар бир экинчи ЖМК ишин токтоткон.
Статистика боюнча талибдер бийликке келгенге чейин ЖМКларда 2490 аял иштесе, учурда алардын 410у гана өз ишин улантууда. Башкача айтканда, алардын 84 пайызы ишсиз калган.
Булак: NazarNews.kg