www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Талибан» кыймылы жетекчилик кызматка аял киши дайындалганы тууралуу маалымат таратты. Мындай чечим Ооганстандагы расмий бийлик кулагандан кийинки алгачкы көрүнүш.
Тактап айтканда, талибанчылар аялдарды бийликке жеткирмек тургай, жашоодо да бир катар чектөөлөрдү коюп келет.
Маданият жана маалымат министринин орун басары деп тааныштырылган Забихулла Муджахид социалдык түйүн аркылуу жарыялаган маалымат боюнча, дарыгер айым Малалай Рахим адистештирилген «Малалай» төрөт үйүнүн директору болуп дайындалды. Бул объект Кабул шаарында жайгашкан жана өлкөдөгү бул багыттагы акушердик-гинекологиялык жалгыз мекеме болуп саналат.
Ошондой эле дагы бир дарыгер айым Ариан Шахрар кварталындагы гинекологиялык клиниканын жетекчиси болду.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 2006-жылы «Талибан» кыймылы террористтик уюм деген чечим чыгарган. Анын ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда тыюу салынган.
Булак: NazarNews.kg