www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооганстандагы Гиндукуш тоолорунда жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:59да магнитудасы 5,2ге жеткен жер титирөө катталды. Анын очогу 50 чакырым тереңдикте жайгашканын Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу болжол менен 161 миң калкы бар Кундуз шаарынан түштүктү көздөй 70 чакырым аралыкта жайгашкан. Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат азырынча жок.
Силкинүү Өзбекстанда да сезилген.
Өзбекстандын аймагында жер титирөөнүн күчү Сурхандарыя облусунда 2 баллга жеткен. Ташкентке чейинки аралык түштүк-батыш багыты боюнча 589 чакырымды түзөт.