www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Исламабадда Ислам кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин Ооганстандагы гуманитардык кырдаал боюнча кезексиз жыйыны өттү. Ага Кыргызстандан да делегация катышканын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Президенттин Ооганстан боюнча атайын элчиси Авазбек Атаханов президент Садыр Жапаровдун кайрылуусун окуду. Президент жыйындын катышуучуларына ооган өкмөтү менен анын эл аралык коомчулукка интеграцияланышы, курч социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү, тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча ырааттуу ишти улантууга чакырган.
Жыйында Ооганстандагы гуманитардык кырдаал боюнча резолюция кабыл алынды. Анда 2022-жылдын биринчи кварталында Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүү фондун түзүү, азык-түлүк коопсуздугу программасын ишке ашыруу белгиленген. Ошондой эле, Ооганстанга бардык террористтик уюмдарга, өзгөчө Аль-Каидага, ИГИЛге жана анын түзүмдөрүнө каршы конкреттүү чараларды көрүү чакырыгы камтылган.
15-августта ооган өкмөтү кулап, "Талибан" (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) бийликке келгенден көп өтпөй Евробиримдик Ооганстанга жардам иретинде бериле турган каражаттарды убактылуу токтото турууну чечкен.
Батыш мамлекеттерин "Ооганстан кайрадан террорчулардын чордонуна айланбайбы" деген суроо тынчсыздандырып турат. Ошондой эле, алар өлкөнү шариаттын негизинде башкарууну көздөгөн талибдерден адам укуктарынын, өзгөчө кыз-келиндердин эркиндигинин сакталышын талап кылып келет.
Булак: NazarNews.kg