www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Данияр Абдыкаров ИИМдин орун басары болуп, арааны жүрүп турган кезде көздөй кадры Дамир Давляновду ГУБОПтун начальниги кылган. Аягы чуулгандуу кылмыш иштери менен уланганын тизмектейли...

«Шибегени капка ката албайсын» дейт эмеспи. Анын сыңарындай, Давлянов кызматын кыянаттыкта пайдаланып, уурдалган кымбат баалуу машиналарды пулдап атканда УКМК тарабынан кармалбай качканбы?

Аныгында, оор беренелер менен издөөгө алынып, кийин камалып, бирок кылмыш иштерин кантип жаптырып алган? Түшүнүксүз. Акчанын күчү мыйзамды ыйлаткан заманда жашап калганыбыз ушулбу?

Былтыркы парламенттик шайлоодо Дамир Давлянов «Эл үмүтү» партиясынан талапкер катары аттанып, жыдып калган. «Жыгылган күрөшкө тойбойт» дегендей, учурда Биринчи Май округунан кайрадан атсалышып, элдин башын айлантып турган чагы.

Кечээ оор кылмыштарга айышталып, анан көп өтпөй артын тазалап алып, саясаттын чанын сапыра береби? Тийешелүү органдар кылдат карап, адилеттүү баа бергендин ордуна, карга карганын көзүн чукубайт дегендей кете беришсе, мамлекеттүүлүккө шек кетпейби?

Булак: Азия News гезити

Последние новости