www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оору кайрадан күчөдү. COVID-19 боюнча жаңы статистика

Кыргызстанда бүгүн, 13-январга карата коронавирус дагы 742 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 632, Ош шаарында — 8, Чүй облусунда — 42, Ош облусунда — 5, Талас облусунда — 8, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 22, Жалал-Абад облусунда — 15, Баткен облусунда — 8 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 100 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 58, Чүй облусунда — 7, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 16, Баткен облусунда — 7 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 580 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 95 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 187 миң 620 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 629 киши айыгып чыкса, 2 миң 826 адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости