Ооруга шылтоолоп Путиндин Тажикстанга барбай калганынын себеби эмнеде?
Кыска-нуска  |   |  5736

Тажикстанга Путиндин барбай тургандыгы чен өлчөм менен алганда туура эмес. Бойдок Путин сулуу аялзатынын арасынан чыга албай жатат деш да туура эмес, анткени ал император же король эмес. Эгер Бишкекте эки саммит катары менен өтүп Путин келбей калса кандай кабыл алат элек? Анткени, Орусия ЖККУда чечүүчү ролду ойносо, ШКУда Кытай менен бирге чечүүчү державалардан. Бийликке тойгонсуп, өзүнүн кесиптеш президенттерин тоготпой, мындай чоң иш чараларга кол шилтеп койгонун коомчулук кандай кабыл алар экен. Азыр бардык нерсени коронавируска шылтоолоп койсо болот. Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүп жатып, обочолонууга мажбур болуп Тажикстанга барбай турганын билдирген. Бул жумада Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында ЖККУ жана ШКУга мүчө болгон мамлекеттердин лидерлеринин бир нече жыйыны өтөт. Путин ал жыйындарга видео-конференция режиминде катышат. Путиндин пресс-катчысы Песковдун айтуусунда Путин сопсоо, тест тапшырганда анын жыйынтыгы да соо деп чыккан. Сириянын президенти Асад менен жолугушту, ал эми 17,18 жана 19-сентябрда үч күн катары менен парламенттик шайлоо болот. Албетте, «Единая Россия» партиясы көпчүлүк добуштарды алары бышык.  

ЖККУ жана ШКУга мүчө болгон мамлекеттердин лидерлеринин бир нече жыйыны өтө турган Тажикстанга АКШ президенти Джо Байден да сөйкөнүп алды. Байден Пенсильванияда Ооганстандагы учакка жармашып, учуп өлгөн оогандыктар тууралуу сүйлөгөн. Анда ал “Эгер биз Тажикстанда С-130 учагын токтотуп, бизди жактыргандарга учакка түшкүлө десек шассиге асылган адамдарды көрмөксүңөр”, - деп билдирген.

Байдендин бул сөзүнө нааразы болгон Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын Дүйшөмбүдөгү элчисин чакырып, нота тапшырды. Тажик тарап “мындай сөз эки өлкөнүн дос жана өнөктөш мамилесине туура келбейт”, - деп билдирди. АКШ элчилиги учурда бул нааразылык нотасы боюнча эч кандай комментарий бере элек.

15-августта “Талибан” кыймылы Ооганстандын борбору Кабулду ээлеген. Мындан соң талибдердин өч алуусунан корккон миңдеген адамдар Кабул аэропорту аркылуу өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган. Алардын арасында АКШнын учактарына жармашып, абага көтөрүлгөн соң кулап, каза болгондор да бар.

ЖККУнун саммитинин бүгүнкү күндө абадай керек. Анткени, талибандардын Кабулду ээлеши ЖККУга мүчө болгон Борбор Азия мамлекеттеринин тынчын алып турат. 1991-жылдын 15-майында СССРден калган бир топ мамлекеттер Армения, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмун түзгөн.  Кийин Азербайжан, Грузия, Белорус кошулган. Бул келишим 1994-жылы күчүнө кирип, беш жыл сайын узартып туруу каралаган, 1999-жылы Армения, Белорус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан  бул келишимди узартышып Азербайжан, Грузия, Өзбекстан келишимди токтотушкан. Жамааттык коопсуздук келишим уюму ал кезде күчкө кире элек эле. Ошондуктан, Кыргызстандын аймагына 1999-жылы можахеддер кирген учурда Жамааттык коопсуздук келишим уюму  эч кандай саясий жана аскердик жардам бере алган эмес. Тескерисинче, мурун Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө болуп жүргөн, ал кезде Ислам Каримов президент болуп турган  Өзбекстан можахеддерге сокку урабыз деген шылтоо менен кыргыз айылына сокку уруп кеткен.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйындары

  1. Ташкенде 1992-жылдын 15-майы;
  2. Москвада 1992-жылдын  6-июлу;
  3. Ашхабад 1993 - жыл;
  4. Алматы, 1994 - жыл;
  5. Минск, 1995 - жыл;
  6. Москвада, 1995 - жыл;
  7.  Москвада, 1996 - жыл;
  8. Москвада, 1997 - жыл;
  9.  Москвада, 1998 - жыл;
  10.  Москвада, 1999 - жыл;
  11. Москвада, 2000-жыл;
  12.  Ереван, 2001-жыл;
  13. Москвада, 2002-жыл;
  14. Дүйшөмбү, 2003-жыл;
  15. Астана, 2004-жыл;
  16. Москвада, 2005-жыл;
  17. Минск, 2006-жыл;
  18. Дүйшөмбү, 2007-жыл;
  19. Москвада, 2008-жыл;
  20. Москвада, 2009 -жыл;
  21. Москвада, 2009-жыл;
  22. Москвада, 2010-жыл;
  23. Бишкек, 2010-жыл.
  24. Астана, 2011-жыл;
  25. Москвада. 2012-жыл;
  26. Сочи, 2013-жыл;
  27. Москвада, 2014-жыл;
  28. Москвада, 2014-жыл;
  29. Дүйшөмбү, 2015-жыл;
  30. Ереван, 2016-жыл;
  31. Минск, 2017-жыл;
  32. Астана, 2018-жыл;
  33. Бишкек, 2019-жыл;
  34. Онлайн сүйлөшүү, 2-декабрь 2020.
  35. Дүйшөмбү, 2021-жыл

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями