www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат деп айтылган кептер боюнча кайрылуу жасады.

Эл өкүлү жалган маалымат таратылып жатканын айтып, бир да саясатчы менен бийликти басып алуу тууралуу эч бир жерде сүйлөшпөгөнүн белгиледи. Ал эми Курсан Асанов менен акыркы жолу февраль айында куран окутууда жолукканын, ошол бойдон телефон аркылуу да сүйлөшпөгүнүн билдирди.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Курсан Асановдун телефон сүйлөшүүсү делген аудио тарап, анда бийликти күч менен басып алуу аракетине Акаев да аралашып жатканы айтылган.

Бул ортодо ИИМ Асановго, Акаевге жана Атамбаевге (бийликти күч менен басып алуу беренеси менен) сотко чейинки өндүрүш ачканы маалымдалды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости