www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооруканалар коронавирус оорусунун өсүшүнө даяр, дары-дармектер жана медициналык жабдуулар жетиштүү, деп билдирди вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева бүгүн, 16-декабрда «Биринчи радионун» эфиринде.

«Жабдыктар менен камсыздоодо донорлор көп жардам берди. Биз дагы сатып алабыз. Маселе башкада болуп жатат. Учурда дарыгерлердин толук курамы жок. Жылына белгилүү бир сандагы адистер бүтүп чыгат, аларды аймактарга жөнөтөбүз. Бирок аларга шарт түзүү керек», - деди ал.

Сурабалдиеванын айтымында, Нарында дарыгерлердин толук курамы 55 гана пайызды түзөт.

Ал ошондой эле массалык иш-чаралар жана корпоративдик иш-чаралар маселесине токтолду. «Мэрия жана ыйгарым өкүлчүлүктөр ар бири өз аймагына чектөө киргизишет. Ооба, силер жашсыңар, силерде иммунитет жакшы. Бирок бул ковидден сактайт деп эч ким кепилдик бербейт. Силер үйгө келип, ооруну ата-энеңерге жугузасыңар. Сиз оорубай калышыңыз мүмкүн, бирок башка адам сиз үчүн жапа чегиши ыктымал», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости