www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын баш мыйзамында “медицина бекер” деп жазылганы менен, ал гүлдөгөн бизнеске айланганы анык. Бул маселени парламенттин бүгүнкү 24-октябрдагы “Ар түрдүү маселелер” жыйынында депутат Максат Сабиров да айтып чыкты.

- Мына бизге миңдеген каттар келип жатат. Депутаттардан жардам сурап атышат, “операцияга акча бергиле, саламаттыкты сактоо кызматына жазып кичине арзандатып бергиле” – деп. Бирок биздин айлабыз кетип билбей жатабыз. Кайсы тариф менен кайсы операция канчага жасаларын. Анан кантип жардам берерибизди биле албайт экенбиз. Ошондуктан ачык-айкындыкка чыксаңыздар. Антпесе бюджеттен канча акча кетип, канчасы кайда коротулуп жатканын аныктоо кыйын.

Сабировдун белгилөөсүндө, оорунун айынан жылына үч жүздөн ашык чет жерлердеги эмгек мигранттар каза болсо, дагы ошончосу оорулуу болуп келип жатат. Оорулуулардын көбүнүн бүгүнкү күнү дарыланууга каражаты жетишпейт. Анын айынан көпчүлүктөн жардам суроого мажбур.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости