www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек – өлкөнүн жүзү. Борбор калаада кабыл алынган ар бир чечим миңдеген адамдардын күнүмдүк жашоосуна түз таасир этет. Ошондуктан шаарды башкарган жетекчиден так эсеп, сабырдуу диалог жана жоопкерчиликтүү башкаруу күтүлөт. Бирок акыркы жылдары Бишкекте кабыл алынган бир катар чечимдер, мэр Айбек Жунушалиевдин иш стилине карата сын-пикир, нааразычылыкты күчөттү.
Ырас, Айбек Жунушалиевдин башкаруу мезгили шаар тургундары үчүн чоң өзгөрүүлөрдүн доору болду. Бирок бул өзгөрүүлөрдүн баары элдин жашоосун жеңилдетти деп айтууга болбойт. Кээ бир реформалар тескерисинче, шаардыктар үчүн жаңы түйшүктөрдү жаратты.
Арийне, шаарда жолдорду оңдоо, инфраструктураны жаңылоо зарыл. Бирок жолдордун улам жабылышы, тыгындардын күчөшү уюштуруу иштеринин чалагайымдыгы шаардыктарды жүдөттү. Мунун айкын мисалы катары “Олд Бишкектин” айланасындагы жагдайды айтсак болот.
Мэр Жунушалиев опулдап эле жаптырып салды. Бир нече ай жолду жаап, курулуш жүрүп жатканда текей терип отурдубу? Мына “Олд Бишкекти” жаап салып, эми түнү менен райондук администрация кызматкерлерин ал жайды 24 саатка кайтарууга алгыла деген тапшырма бергени айтылууда. Ушул акылга сыя турган чечимби? Анын үстүнө "Олд Бишкектен" соода кылабыз ижарага орун алып, насыяга иш баштаган жүздөгөн ишкерлердин насыясын корсулдаган мэр Жунушалиев төлөп береби?
Мына Бишкектеги транспорт системасы дагы өзүнчө көйгөй болду. Автовокзалдардын шаар четине чыгарылышы көпчүлүк жүргүнчүлөр үчүн кошумча жол, убакыт жана чыгым алып келди. Айылдан келгендер, улгайган адамдар жана шаарды жакшы билбеген коноктор үчүн бул чечимдер түйшүк жаратты. Ал эми коомдук транспорттогу накталай төлөмдөрдү чектөө сыяктуу санариптештирүү кадамдары да жакшы ниет менен киргизилгени менен, жарандардын укугун чектеген, ыңгайсыздык алып келген социалдык теңсиздикке жол ачты.
Дагы бир баса белгилеп кете турган жагдай, Айбек Жунушалиев мэр болгону жашыл Бишкектин кунары кетип, бак-дарактар эсепсиз кыйылды. Жашыл шаарды жылаңачтап бүтмөй болду. Мындай темп улана берсе Бишкек бозоргон шаарга айланат.
Айтор, опулдаган мэрдин ар бир ийгиликсиз чечими президенттин беделине көлөкө түшүрүп жатат. Албетте, Бишкекке жаңылануу керек. Бирок жаңылануу элге түйшүк жаратуу дегендик эмес. Мэрдин ага башы ооруй турган түрү жок. Президент бул кадрынын ишмердүүлүгүн анализдеп, кызмат ордун карабаса, бийликтин кадырын кетиргенден башка маңдай жарыла кубана турган иш кылат дегенге ишенич жок.