www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаршембиде Мажарстандын премьер-министри Виктор Орбан Орусия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу байланышып, Украинадагы тынчтык жөнүндө сүйлөшүү үчүн аны Будапештке чакырды.

Орбан сүйлөшүүгө Украина президенти Владимир Зеленский менен Германия жана Франция лидердери да катышуусу керек экенин белгиледи. Мажар премьеринин айтымында, Путин буга “позитивдүү” реакция жасады, бирок бир нече шарт койду. Кандай шарт экени айтылган жок.

Орбандын билдиришинче, ал Путинди Украинадагы ок атышууну токтотууга чакырды. Орусиянын Украинадагы аракетин ал агрессия деп атап, бирок Мажарстан НАТОнун көптөгөн мүчөлөрүнөн айырмаланып, Киевге курал-жарак бербей турганын кайталады. Кремлдин талабын аткарып, Будапешт орус газын рубль менен сатып алууга даяр экени да айтылды.

Украина президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк Орбандын билдирүүсүнө комментарий берип, Киев аны олуттуу кабыл албаганын кабарлады. Орус-украин сүйлөшүүлөрү онлайн-форматта өтүп жатат, бирок лидерлердин ыктымал жолугушуусу Будапештте өткөрүлөөрү талкуулана элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости