www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оренбург облусунда Казакстандын чек арасынан өтө албай турган кыргызстандыктар бүгүн, 5-майда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 8.00дө (11.00 бшк) жолго чыгышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин алдында түзүлгөн штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын 441 жараны тогуз атайын автобус менен медицина кызматкерлеринин коштоосунда чыгып кетишти. Автобустардын жетөө кыргыз өкмөтүнүн эсебинен, экөө коммерциялык негизде жеткирилет. Ал эми жеке машиналарын калтыргандарга Оренбург облусунун өкмөтү тарабынан Соль-Илецк шаарынын Аскер бөлүгүнүн унаа коюучу жайы акысыз берилди.

“Тилекке каршы, консулдук жана диаспора активисттеринин түшүндүргөнүнө карабай, ал жерде дагы 70 жаран автоунаалары менен Казакстан чек арасынын ачылышын күтүп калышты”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Оренбург облусунун Бузулук шаарынын кире беришинде да 300 жаран турган. Элчи Аликбек Жекшенкулов облус губернатору Денис Паслерге кайрылып, айрымдарын чек арадан өткөрүү маселеси чечилген.

“Бузулукта тургандардын ичинен кош бойлуу аялдар, жашы жете элек балдар жана улгайган кишилерден 155и тандалып, жогоруда белгиленген автобус менен мекенине жөнөтүлдү”, — деп айтылат билдирүүдө.

Элчиликтин штабы бүгүнкү күнү Соль-Илецк менен Бузулукта кырдаал жөнгө салынганын белгиледи. Ошону менен катар эле Казакстан бир жолку өтүүгө гана уруксат бергенин айтып, мындан ары чек ара жабык болорун эскертти.

Элчилик кыргызстандыктарга көмөктөшкөнү үчүн Россиянын жергиликтүү бийлик органдарына ыраазычылыгын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости