www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"The New York Times" басылмасы Россиянын бийлигин сындап жазган макалалары үчүн Пулитцер атындагы сыйлыкка татыды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, сыйлыктын уюштуруучулары Владимир Путин башында турган бийлик өзүнө энчилеп аткан тең укуктуулук иш-аракеттерин төгүндөгөн бир нече макалаларды баса белгилешкен. Бирок, кайсы макалалар сыйлыкка татыганы так жазылган эмес.

Басылма сыйлыкты "Эл аралык репортаж" номинациясында жеңип алган.

2017-жылы да аталган басылма Владимир Путин тууралуу жарык көргөн макаласы үчүн сыйлык алган.

Пулитцер сыйлыгы - АКШдагы журналистика, адабият, музыка жана театр тармагында берилүүчү сыйлыктардын бири. Аталган сыйлык гезит магнаты Жозеф Пулитцер көз жумган соң 1917-жылдан тартып берилип келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости