www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда коронавирус инфекциясы жайылып жатканына байланыштуу орто мектептерде жайкы каникул 16-августка чейин узартылды. Бул тууралуу COVID-19 инфекциясынын жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, төртүнчү чейректин баасы буга чейинки үч чейректин жыйынтыктары менен чыгат. 9-11-класстардын окуучулары 15-24-июнь аралыгында бүтүрүү сынактарын тапшырышат. Сынактар кандай шартта өтөрү белгиленген эмес.

Тажикстанда бала бакчалар дагы өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин каникулга жабылган.

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстанда 230дан ашуун киши вирус жуктуруп алган, үчөө көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости