www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО- Юлдуз Усманова милицияларды ашата сөктү

Ырчы Юлдуз Усманова Сырдарыя облусунда суу сактагычтын жарылуусунан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча акция уюштуруп, чогултулган каражаттарды өткөрүп берүү үчүн аймакка жөнөгөн. Бүгүн социалдык тармактарда ырчы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин сынга алган видео пайда болду.

"Алар коркок. Мен МАИ кызматкерлеринен бизге бөлүп берүүсүн суранган элем, алар макул дегени менен келишкен жок. Эл бирикти, бирок милиция кызматкерлери колдоо көрсөтүшпөдү. Тьфу силерге. Милициялар такыр иштешпей жатышканын эл билсин”,-деп айткан ырчы инстаграмдагы түз эфирде. Мындан сырткары, Усманова милицияларга Каримовдун убагындагыдай клизма жасалбай калса, иштебей калаарын, аларга абийир менен иштөөгө мезгил жеткенин кошумчалаган. 

Усманова милиция кызматкерлери жарандардын салыктарынан айлык маяна алаарын белгилеп, бирок ырчынын айтымында, укук коргоо органдарынын кызматкерлери артылган үмүттү акташпайт. Белгилей кетүүчү нерсе, Юлдуз Усманова акыркы жылдары чыр-чатактын чордонунда көп болуп жатат. Буга чейин анын коомчулук аны Сырдарыяда жабыр тарткандарга жардам чогултууда бет кап кийбей жүргөнүн сынга алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости