www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрттү. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Искендер Гаипкулов билдирди.

Ага себеп бардай. Ага утурлай Гаипкулов "Альянс" партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча мандат аларын билдирди. Азырынча Жанар Акаев жана "Альянс" партиясы БШКнын акыркы чечими боюнча комментарий бере элек.

15-декабрда кабыл алган жобого ылайык, үч мандат алган партиядан - 1, жети мандат алган партиядан - 3 аял депутат келет. Буга чейинки жобого ылайык, жети мандат алган партиядан эки аял депутат келмек. Маалыматка ылайык, бул өзгөртүү жети мандат алган "Альянс" партиясына тиешелүү болот.

Эске сала кетсек, Токтобүбү Оргалча Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган автобустары бар "Шыдыр Жол KG" ишканасынын ээси катары белгилүү. Ал 1972-жылы Кытайда төрөлгөн, этникалык кыргыз. Кыргызстандын жараны.

Учурда Оргалча тууралуу соцтармакта кызуу талкуу жүрүүдө. Анын мандаттын ээси болушуна президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова себепкер экендигин айтышууда. Ошентип Оргалча ордун таап, кубанычы койнуна батпай турган мезгили...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости