www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ормуз кысыгынан өтүүгө аракет кылган эки мунай ташуучу танкер жарылды. Бул тууралуу 20-июлда Ирандын Fars маалымат агенттиги Ислам революциясынын сакчылар корпусуна (КСИР) таянып билдирди.

КСИРдин Telegram-каналында жарыяланган билдирүүдө: «АКШнын, балдарды өлтүрүп жаткан армиясынын, шыкагы жана мажбурлоосу менен Ормуз кысыгынын түштүгүндөгү кооптуу багыт аркылуу кирип-чыгууга аракет кылган эки мунай танкери жарылды», — деп айтылат.

КСИР ошондой эле АКШ аймактагы аскердик аракеттерин улантып жаткан шартта Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамы коопсуз болбой турганын белгиледи.

Эске салсак, 17-июлда КСИР Ормуз кысыгына жакын жердеги миналанган тилкеден өтүп бара жаткан эки мунай танкеринде жарылып жана өрт чыкканын билдирген. Бирок АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы бул маалыматты четке кагып, аны жалган маалымат деп атаган.

Последние новости