www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-май күнү эртең менен селден суу каптап кеткен үйлөрүнүн ордуна башка турак жай берүү талабы митингге чыккан дачалардын бир нече тургундары полицияга жеткирилген.

Батыш Казакстан облустук ички иштер башкармалыгы дача тургундарына “алардын маселелери боюнча түшүндүрүү иштери” жүргүзүлгөнүн кабарлады.

«Бир киши үчүн беш полиция кызматкери келген. Ажатканага да киргизбей коюшту. Шаардык прокуратурага, анан акимчиликке, анан шаардык полиция бөлүмүнө жеткиребиз дешти… Кечээ интервью бергендердин баарын алып кетип жатышат», — деп билдирди акциянын катышуучуларынын бири Алия.

20-майда сел учурунда үйлөрү суу алдында калган дачалардын бир нече тургундары шаардык акимчиликке чогулушкан. Жашоочулар жазында суу каптабай турган коопсуз жайлардан турак жай берүүнү талап кылышкан.

Батыш Казакстан облустук полиция департаментинин басма сөз кызматы бир күн мурда болгон акция үчүн эч ким жазага тартылбай турганын маалымдады.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости