www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда соттор былтыр “көчө бандаларын” жана кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн аныктоо боюнча ири рейддердин жүрүшүндө кармалган дагы үч кишиге өкүм чыгарды. Бул тууралуу Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

30-апрелде Мирабад райондук кылмыш соту Хасан Сабиржанов менен Хусан Сабиржановду “Бир нече жолу же коркунучтуу рецидивист тарабынан жасалган бейбаштык” жана “Алдамчылык” беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты.

Хасан Сабиржанов 4 жыл 9 айга, анын бир тууганы Хусан Сабиржанов 4 жыл 10 айга эркинен ажыратылды.

3-майда Үчтепе райондук соту Марат Уразовду “Коркунучтуу рецидивист тарабынан жасалган алдамчылык ” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Келтирилген зыяндын ордун толук толтурганын эске алып, сот аны 1 жыл 9 ай 27 күнгө түзөтүү жумуштарына кести.

Буга чейин сот Азлархон Мухамеджановду 5 жылга, Сунатулла Холмурадовду 7,5 жылга, Умиджон Уриновду 6 жыл 11 айга, Алибек Файзиевди 12 жылга, Олимжон Амоновду 4 жылга, Баходир Султановду 10 жылга жана Ниёз Ибодовду 4 жылга эркинен ажыраткан.

Былтыр ноябрь жана декабрь айларында укук коргоо органдары кылмыштуу топторду аныктоо жана кармоо боюнча ири рейддер жүргүзүшкөн. Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Дониёр Ташхожаев кылмышка шектүүлөрдү кармоо операциясы далилдерди кылдат чогултуп, даярдангандан кийин башталганын, ага бир-эки күн эмес, жылдар талап кылынганын айткан.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости