www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орозайым Нарматова диплом чырынан улам мандатынан ажыраткан БШКнын чечимине каршы сотко даттанбайт. Бул тууралуу ал өзү билдирди.
Нарматова БШК мыйзамсыз чечим чыгарганын белгилеп, ошол эле учурда сотторго дагы ишенбей турганын айтууда.
"Азырынча сотко кайрылбайм. Себеби сотторго ишенбейм, азыркы бийликтин аракеттеринен кийин мамлекетте мыйзамдуулук бар экенине да ишенбей калдым.
Буга чейин тергөөгө дагы ишенбейм деп айткан болчумун. Кечээ шашылыш түрдө мени дагы чакырбай, ооруп жатканымдан пайдаланып БШКда карап коюшту.
Дагы жакшы жардамчым барып калды. УКМКнын тергөөчүсү, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү, БШК мүчөлөрү отуруп эле алгач дипломумду жокко чыгарып, андан соң мандатымды алып коюшту.
Мунун баары мыйзамсыз, бул маселе сотто каралышы керек эле. Баары бир тарых алдында жооп беришет", — деди Нарматова.
Булак: NazarNews.kg