www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Алматы шаарында коопсуздук кызматкеринин башы жок сөөгү табылып, казактар 20 миң террористтер келгенин айтып чыгышты. Дин иштери боюнча өкүл катары бул жагдайга кандай пикириңиз бар?

- Террористтик уюмдардын өздөрүнүн аттары бар. Алар кол салганда өз программаларын жарыялайт: “Биз баланчадай максат үчүн кол салып жатабыз. Түкүнчөдөй бийликти орнотобуз” деп. Бул жолу андай болгон жок. “Эл нааразы болуп жатат” деп атып эле, бир убакта “террористтер пайда болду” деп 20 миң деген цифраны айтып чыгышты.

20 миң террорист кай жактан келиши мүмкүн? Алар кантип билинбей Казакстанга өтүп кетишти? Акылга сыйбайт! Бул эми ар кандай шылтоолор. Россиянын кээ бир саясатчылары айтып жатышат: “Сириядан бир тобу келиптир. Кыргызстандан, Афганистандан барыптыр” деп.

Мындай пикирлер айтыла берет. Ал үчүн так далил керек. Террористтерден башка кишилер баш кеспейт бекен? Бул жерде “объективдүү изилдөө болобу?” деген суроо жаралбай койбойт. Токаев “террористтер болчу” деп коргоно берет. Биздин музыкант баланы да “террорист, жалданып келиптир” деп калптары чыгып атып, араң токтошподубу.

Анткени бул кошумча күчтөрдү тартуу үчүн себеп болгон. “Террористтер кол салып жатат, суверенитетибиз коркунучта калды” дегенге шылтоо болду. Бизге деле 1999-жылдары “Өзбекстан ислам кыймылы” кол салган. “Биз “Өзбекстан ислам кыймылыбыз”, биздин максат – Кыргызстанга каршы эмеспиз.

Өзбекстанга кол салабыз. Бизге жол ачып бергиле!” деп ачык айтышкан. Башка террористтик операцияларда деле ачык айтылат. ИГИЛ болсо “Биз халифат куруп жатабыз, бүт мусулмандардын мамлекетин курабыз” деп ачык эле жарыялаган. Бизден да байбичелер баш болуп жөнөп кетишкени эсибизде. Ал эми Казакстанга унчукпай эле келе калган “дудук” террористтер бекен? Бул акылга сыйбаган жалгандар.

Булак: Азия News гезити

Последние новости