www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Театр-жашоо күзгүсү

- Гүлжамал эже, сиз спектакль, кинолордо көбүнчө ажан, урушчаак аялдын образын жаратасыз. Сизди чыныгы жашоодо кандай мүнөздөгү аял деп таанысак болот?

- Актриса болгондон кийин ар кандай образдарды жаратабыз. Кээ бирлер бизди терс ролдо ойногонубузду көрүп ошол боюнча кабыл алып калышат. Азыр өзүӊ күбө болгон «Кымгуут түшкөн бир кечте» спектаклинде акылдуу, сабырдуу, мээримдүү   эненин ролун жараттым. Чагылдырган ролдорум заары чачыраган аялдын образын ачканы менен жашоодо мээримдүү, аябай жашык аялмын. Эркек мүнөздүүлүгүм бар. Эч кимге тийишпейм, ал эми бирөө мага тийишкен болсо катыгын берем. Сөз менен түшүндүрүүгө аракет кылам, түшүнгүсү келбей ажылдай бергендер менен айтышып отурбай бир муштап жиберчү жайым бар.

- Мындай мүнөздөр атанын эрке кыздарына таандык болчу эле?..

- үй-бүлөдө бир эжем, бир иним болуп, үч бир тууган элек. Алайдын Жошолу деген айылында 1956-жылы   туулгам. Атам биз жаш кезибизде көзү өтүп кетип, бизди апам эч нерседен кем кылбай бакты. Ал учур кыйын заман болчу. Азыр эстесем эркелик кылып апамды къп кыйнап койгон экем. Теётуштарым жаӊы кийим кийип калса мен да ошону кийем деп ыйлай берчүмүн. Апамдын акчасы барбы-жокпу деп такыр ойлочу эмесмин. Бир окуя эч эсимден кетпейт, аны эстегенде ушунчалык капаланып кетем. 6-класста окусам керек эле, апам экөөбүз дүкөнгө азык-түлүк алганы бардык. Артыбыздан бир агайыбыз кирип барып эле «Эй, мен Шеркулов Шекербектин эрке кызы болгонумда тиги күрмөнү алдырат элем» дебеспи. Апам жакшы ырдап, жомок, жаёылмачты къп айткандыктан, айыл эли аны «Шеркулов Шекербек» деп коюшчу. Ал сөздү угарым менен «Ун албайбыз, мен нан жебейм. Күрмөнү алып бересиӊ» деп жаӊжал кылып ыйладым. Дүкөнчү Алима эже «каяктагыны айттыё, мунун жинди экенин билесиё го» деп тиги агайды тилдеди. Сага бул чоӊ келет деп кийгизди эле, мейли кырктырып алам деп болбодум. Акыры апам ошол күрмөнү карызга алып берген. Апам ал кезде 50-60 сомдой эле айлык алчу. Ошону канча убакытта тълъп бүттү экен» деп азыр өзүмө көп капа болом. Апам 1985-жылы каза болду. Театрда иштеп жүрүп кезегим жетип үй алганымда апам ушул үйүмдөн чай ичсе болмок деп аябай ыйладым.

- Театрга кантип аралашып калдыӊыз эле?

- ЖОЖго өтпөй калып, Алай элдик театрына ырчы болуп ишке кирдим. Ош Улуттук драма театрына ар ишемби сайын костюмдарыбызды көрсөткөнү келчүбүз. Ичине кире албай, сүрдөп коркконумду сураба. Бул театр мен үчүн «хан сарайдай» сезилчү.  Ичине киргенде жасалгасын көрүп оозум ачылып калчу. Кире беришиндеги отургучтарга отуруп алып ичине кирип-чыккандарды карап, «кандай бактылуу адамдар иштейт?» деп суктанчумун. Бир жолу гримеркада костюм кийип атсам столдун үстүндөгү пепельница жерге түшүп сынып калды. Коркуп кетип сыныктарын жыйнап, каякка бекитээримди билбей кайсалактап атканымда сырттан бирөө келип, «сизди Искен агай (ред. Актер Муратбек Рыскуловдун уулу режиссер Искендер Рыскулов) чакырып жатат» десе жүрөгүм оозума тыгылды. «Сындырганымды көрүп калган экен да, эми эмне дейм» деп калтырап баратам. Агайды көрүп «көйнөгүм тийип кетип өзү сынып калды» дей салдым. Эмне дегенимди ал түшүнбөй мени таӊ калычтуу карайт. Көрсө, Искен агай мени Ош Улуттук драма театрында иште деп сунуш айтканы чакырган экен. Ошентип кыялымдагы театрга келдим. Чоӊ актриса эжелер спектакль ойноп жатканда карап отуруп, сөздөрүн жаттап алчумун. Ооруп, же иштери чыгып келе албай калган эжелердин ролун ойнотуп калышат эле. Айлап гастролдо жүрчүбүз. Ошентип жүрүп такшалып, ушул деӊгээлге жеттим.

- Жогорку билимиӊиздин жоктугу карьераӊыздын өсүүсүнө тоскоол болгон жокпу?

- Болду. Роль ойноп жатып бир жерди туура эмес кылып кетсеӊ режиссер «окубагандын иши да» деп кыйкырганда «окуп алсам болмок экен» деп къп териктим. Билим алып келген профессионалдарды карап жүрүп такшалып кеттим. Аларда теория да, практика да бар. А билим албагандарда практика эле бар. Көп нерсеге жетиштим деген менен жетишпеген нерселер да аябай көп.

- Театрды аябай сүйгөн экенсиз, театр деп жүрүп турмуштагы маанилүү нерселерден баш тартып койгон учурларыӊыз болуптур…

- Көп эле нерседен баш тарттым. Дүкөнгө ишке жаңыдан орношуп, дүкөнчү аябай дыкаттык менен үйрөтүп жатса, бир кулагымдан кирип экинчи кулагымдан чыгып кетчү. Оюмдун баары театрда болуп, күндө барып турбасам ачка калгансый берет элем. Дүкөнчү аке мага баарын үйрөтүп, ишти тапшырып коюп кетери менен аны жаап коюп театрга чуркап кетчүмүн. Театр деп эле ооруп албаганымда, мүмкүн ар тармактуу ишкер, ырчы айым болмокмун.

- Театрдан сиз үчүн...

-  Театр деп жүрүп, турмуш жөнүндө көп ойлонбоптурмун.  өзүӊдүн жашооӊ толук кандуу болбой, кыйналып калсаӊ, балдарыӊды да кыйнап албайын дейт экенсиӊ. Жалгыз балам татыктуу жашасын деп бар тапканымдын баарын ага жумшадым. Уулум менин өмүрүм, жашоомдун маӊызы болду. Оӊолкандын ролун аткарып жатканда спектаклге уулум сүйлөшкөн кызын курбулары менен ээрчитип келиптир. Менин ролумду көрүп алып келиниме курбулары мындай кайнене менен кантип жашайсыӊ дешкен экен. Баарына шүгүр кылам.  Уул-келин жанымда,  үч неберем бар, курсагыбыз ток, кийимибиз бүтүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости