www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бул өкмөткө убакыт берип, кол кабыш кылып туралы, жаңы өкмөт келе калып эле экономиканы «сыйкырлап» жибербейт», - деди бүгүн, 14-январда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Акылбек Жапаровдун министрлер кабинетин жетектегенине үч ай болуптур. Айрымдар баа бере башташты. Чынында ал кандай иштеп жатат?

- Акылбек Жапаровдун Министрлер кабинети (өкмөтү) Кыргызстандын азыркы терең экономикалык кризис режиминде иштеп жатат десек болот. Анткени, мындай абалга өлкөбүз 2018-жылдан бери эле кириптер болгон. Ошол кездеги бийликтин мажирөөлүгү менен коррупцияланып кетүүсү мамлекетибизди ондогон жылдарга артка ыргытты.

Алынган кредиттер, расмий бюджет дайынсыз таланып-тонолду. Андан кийин Ковид-19 өзүнүн таасирин тийгизди. Өндүрүш менен бизнес өз алдынча иштеп, бирдиктүү мамлекеттик экономикалык саясат биротоло унутулду.

Муну абдан чоң мамлекеттик кылмыш деп атап коюубуз керек. Эми мына, ушунун баарын Акылбек Жапаровдун командасы оңдоого аракет кылып, ар түрдүү жолдорду активдүү түрдө издеп жатат. Бюджетти көбөйтүүнүн өндүрүштүк жана фискалдык жолдору бар. Биз бир аз адилет бололу да. Өндүрүштүн абалын көрүп турасыздар.

Бирок, аны жандандыруу боюнча бир топ эле реалдуу аракеттер көрүлүп жаткандай. Кен-байлыктар менен энергетиканын ресурстарын эффективдүү пайдалануу программалары иштеп чыгышты.

Бирдиктүү «Кыргызиндустрия» мекемесин түзүү дагы кызыктуу келечеги бардай туюлут. Бул жакшы. Фискалдык саясат дагы жөнгө алына баштады. Бирок, биз карапайым эл дагы адилет болсок. Кыйынчылыктар болуп жатат. Аны чогуу көтөрсөк.

Дароо ызы-чуу чыгарып көнүп калдык. Бир мисал, кечээги эле ККМ боюнча. Бул дүйнөлүк практика. Анан эле биз бир ууч базарком, «шылуун-бизнесмендердин» айдагы менен катуу протесттерге азгырылып кеттик го? Мындай эмоциялуу мисалдар көп.

Ошондуктан, бул өкмөткө убакыт берип, кол кабыш кылып туралы да? Жаңы өкмөт келе калып эле экономиканы «сыйкырлап» жиберет деген ой - бул жаш баланын кыялындай эле болуп калат!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости