www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Казакстанда эч кандай саясий реформалар жүргөн эмес жана саясий атаандаштык болгон эмес», - деди бүгүн, 14-январда NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Шаирбек Маматокторов.

- Шаирбек мырза, Казакстанда кылмышкер менен динди туу туткандар  биригип кетип, абал көзөмөлдөн чыгып, кан төгүлгөн жагдай орун алды деген маалыматтар желдей тарады. Мунун чындыгы барбы?

- Элдик толкундоолор башталган кезде, Казак бийлиги өзүн жоготуп койду. Назарбаев менен Токаевдин кландар аралык тирешүүсү ушул абалга алып келди. Баш-аламандыктар башталган кезде, кландардын бири кылмышкерлерди, экинчи тарап динчилдерди колдонушуп, кырдаалды курчутуп, өз пайдасына буруп кеткиси келди.

Ошондуктан, башка региондордон өзгөчөлөнүп, Алма-Ата шаарында мародерлук, талап-тоноо, кол салуулар жана ок атышуулар орун алды. Ал эми күч органдары жана армия толук деморализация болуп, бир нече күн бийлик шал ооруга дуушар болду.

Ал ортодо, күнөөсүз жарандардын бир бөлүгү жалданма бандиттердин колунан, экинчи бөлүгү кийинчерээк күч органдарынын колунан курман болушту. Ошол эле кезде, күч органдары тараптан да жоготуулар болду. Тилекке каршы, жарандарга күч колдонуу орун алып, алардын өмүрүнө реалдуу коркунуч пайда болду.

- Казакстанда кош бийлик аяктадыбы? Же күрөш уланабы?

- Казакстанда кош бийлик балким аяктагандыр, бирок ал нерсе өтө кымбатка туруп калды. Анткени, эгемендиктин бир бөлүгүнөн ажырап калышты. Анткени, ички маселесин чече албай, Орусияга кайрылганы, мындан ары казак бийлиги Орусиядан көз каранды болуп калды.

Ансыз деле, Мамдуманын депутаттары ачык эле түрдө түндүк Казакстандын территориясы Орусияга таандык деп айта башташты. А түгүл, Казакстанда референдум өткөрүп, Орусияга кошулуу демилгесин көтөрүп жатышат.

Демек, Казакстанда эч кандай саясий реформалар жүргөн эмес жана саясий атаандаштык жок болгон. Оппозицияны тыптыйпыл кылып, үй-бүлөлүк жана кландык башкаруу өкүм сүргөн. Назарбаев-Токаев режими чирип, коррупцияга малынып, көздөрүн май басып калган экен.

Өлкөнүн эркиндигин, анын аймактык бүтүндүгүн, анын элин, жерин жана мыйзамдарын ыйык сактайм деп ант берген президент мындай кадамга барбаш керек эле. Бийлик жана байлык үчүн Казак элин ушунчалык оор күндөргө дуушар кылган Назарбаев-Токаев режимине наалат…

Булак: NazarNews.kg

Последние новости