www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия Тажикстандын АКШга ооп кетүүсүнөн кооптонуп турат. Мындай пикирди саясат талдоочу Орозбек Молдалиев билдирди.
--"Орусияга Рахмон барып Путинге жолукту. Анда эмне сөз болгону азырынча ачык айтылбай жатат. Путин Рахмонду "мындай кылган болбойт, экөөңөр тең ЖККУнун мүчөсүсүңөр" деп айтып, нейтралдуу пикирин билдирип, тынчтыкка чакырса болмок. Бирок ал айта албагандай. Себеби, Орусия Тажиктсандын АКШга ооп кетүүсүнөн кооптонуп турат. Америка аскерлерин Авганистандан алып чыгып баштады. Бул процесс сентябрга чейин уланат. Ооган бийлиги болсо бизге курал жарагыңарды бергиле деп айтып жатат. Ал эми АКШ абалга көз салып туруш үчүн Өзбекстанга же Тажикстанга убактылууу аскерлерибизди топтоп турушубуз керек деген чечим кабыл алган. Анан анда Тажикстан, Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр болгон. Анан Орусия булар Тажикстанды Америкага база берип коёт деп чочулап, аларга курал жарак берип, тик учак берип жан тартып күйпөлөктөп турган кези. Алар Тажикстандын Америкага ооп кетүүсүнөн кооптонуп турат", - дейт талдоочу.
Булак: NazarNews.kg