www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бала кезинен эле комуз чапканга кызыккан бул маектешим өзүнүн өнөрү тууралуу бизге атайын маек куруп берген эле. Орозбек мырза маектин жүрүшүндө төгүлүп-чачылып төмөндөгүдөй маек куруп берди. 

--Мен өзүм Лейлек районунун Коргон деген айылынан болом. Өзүмдүн кесибим боюнча 3 жыл тракторист, айдоочу кесибине ээ болгом. Андан кийин турмуш-шартка байланыштуу комуз чаап калдым. Мектепте окуп жүргөн кезимде эле жыгач устачылыкка жакын элем. Комузга телевизордон кыргыздын белгилүү ырчысы Мыскал Өмүрканованын телевизордон ырдап жатканын көрүп кызыгып калдым. Анан айылдагы дүкөнгө келсем «Комуз» деген тамеки сатыкта турган экен. Мен ал учурда мектепте 7-класста окучу элем. Баягы тамекини сурасам сатуучу эч бербейт. А мен улам сурап дүкөнгө кайра-кайра кире бердим. Дүкөндүн ичинде турган чалдар менин тамекинин кутусундагы сүрөткө кызыгып жатканымды байкашып өздөрүнчө кобурашканын байкаган сатуучу: «Тамеки чегесиӊби?» - деди мени сынай карап.

"Чекпейм. Мага тамекинин бош кутусун эле бериӊиз" - деп өтүнсөм берди. Кутучаны алып үйгө келгенден кийин баягы сүрөттү карап алып, короодогу өрүктүн жыгачын жонуп отуруп комуздун түзүлүшүн жасадым. Андан кийин жилка тагып чертсем үнү анча чыкпаган комуз болуп калды. Анан атам комузду көрүп кантип жасалаары тууралуу бир аз түшүнүк берди. Атамдын кеӊешин уккан соӊ трактордун клапанын отвертка сыяктуу учтап алып комуздун ички бетин, кулактары салына турган жагын ойдум. Комузга окшоп калгандан кийин «трицатка»  деген тактайды астына коюп алып комуздун бетин аябай сүргүлөп жылмаладым. Комуз даяр болгондон кийин чертсем үнү бир аз жакшы болуп калган экен. Атамдын комуз чертээрин мурда билчү эмесмин. Комузду берсем күүгө келтирип «Паризат» деген ырдын музыкасын чертти. Атамдан күүгө келген комузду алып кыӊгыратып отуруп Токтогулдун «Кербезим» деген күүсүн черткенди үйрөнө баштадым. Комузду алгач үйрөнүп жатканда тынымсыз чертип тажатып жибергенде атам: «Токтот, комузуӊду майдалап салам!» деп урушканда сыртка жашынып алып да чертип жүрдүм. Акыры өжөрлөнүп жатып «Жаштар маршы» деген күүнү да өз алдымча үйрөнүп алдым. 

«Агайым артымдан тыӊшап отурган экен»

--Насирдин деген музыкадан сабак берген мугалимибиз бар эле. Бир күнү токойдо комуз чертип ырдап отурсам артымдан келип тыӊшап отурган экен. А мен аны таптакыр байкабаптырмын. «Охо» десе эле чоочуп кетип жатпаймбы. Ошондо аябай сүрдөп кетсем тигил мугалим:

«Сенде аябай талант бар турбайбы. Мындан кийин сени мектептеги өздүк-көркөм чыгармачылык ийримине катыштырам» - деди. Ошентип, ал ийримге катыша баштадым. Мен ага чейин мектепте тентек окуучу элем. Баардыгы мени жаман көрүшчү. Анан комуз чертип таанымал болгондон тышкары ыр жаза баштадым. Кадыров Аззам деген агайыбыз бар эле. Бул агай менден келечекте чыгармачыл адам чыгарына үмүттөнүп жатканын айтып, ыр жазганымды дагы эле уланта бердим. Үйгө келип түнү менен бир дептерге толтура ыр жазып, эртеси күнү агайыма алып барып ырларымды окуттум. Агайым эч үндөбөстөн күлүп эле тим болду. Дептеримди сурасам бербей койду. Мектепте  «Бүчүр» деген дубал гезит бар эле. Ал кезде Каразаков Шайым деген айылдашым менден жогорку класста окучу. Учурда учкуч болуп иштейт. Танапич учурунда мектепке кирип келатсам ал мени колтуктап алып дубал гезиттин жанына алып барды. «Орозбек муну кара» - деди. 

Гезитти карасам менин ырларым жарыяланып, аягында аты-жөнүм жазылып турган экен. Ошондо башкача сезимде болуп аябай толкундандым. Ыр жазганды андан ары уланткандыктан ар кыл тематикадагы ырларым «Кыргызстан пионери», «Советтик Кыргызстан» гезиттеринен тышкары райондук «Алга» гезитине да жарыяланды. Кийинчерээк эле ыр жазганды токтотуп койдум. 

«Комуздун өӊү өзгөргөндө таӊ калдым»  

--Аскерде кызмат өтөп жүргөн кезимде да ак кайыӊдан комуз жасагам. Айылда жүрүп кийинчерээк Бишкекке келгенден кийин ошону эстеп кетип бул жыгачтан өзүмө бир комузду кооздоп чаптым. Комузду эки-үч күндөн кийин бирөө келип  «мага сат» деп суранганда эки миӊ сомго карматтым. Андан кийин дагы бир киши телефон менен байланышты. Ошол учурда менде «Кирпич» деген кол телефон бар эле. Ал киши мени менен сүйлөшүп жашаган дарегимди сураган соӊ атайын келип буйрутма берди. Чындыгында комуз жасай турган жыгач ал кезде тартыш болгонуна карабай ага дагы бир комуз чаап бердим. Комуздун баасын болсо дагы эле эки миӊ сомго бааладым. Анан чөнтөгүмө акча түшө баштагандан кийин «Ош» базары тарапта жайгашкан  «Кыял» кол өнөрчүлүк борборуна бармай болдум. Үйдөн чыгып базарга жете электе маршруттук таксинин ичинен эле кызыккан кишиге бир комузумду сатып жибердим. Экинчи комузду базардын ичине кире электе эле бир эже алдымдан тосуп чыгып:

«Сонун комуз турбайбы» - дегенде сатыларын айтканым менен, баасын айткан жокмун. «Мага комуз сатпайсыӊбы? Мен сага эки жарым миӊ сом берейин» - деп айтканда эле макул болуп сатып жибердим. Үчүнчү комузду болсо борбордук аянтка барып кызыккан бирөөгө 1300 сомго карматтым. Ал күнү менин комуз сатып жүргөнүмдү көргөн бир аксакалга жолукканымда ал бул музыкалык аспап тууралуу өзүнүн баалуу кеӊештерин айтты. Ошондо мен да тереӊ ойлонуп комузду мурдагыга караганда көбүрөөк чаап, кызыккан кардарлардан буйрутма алып үйдөн иштей баштадым.

Анан комуз сатканы борбордук аянтка барганда бир орус кыз менин телефонумдун номерин алып калды эле. Бир күнү ал кыз мени менен байланышып дарегимди сурагандан кийин үйүмө келди. А мен ага чейин Баткенден комуз жасаганга ылайыктуу көп жылдык өрүктүн жыгачын алып келгем.  Ал кыз эмнегедир ошол жыгачка кызыккандан улам буйрутма берди. Бирок анын койгон шарты менен комуз чапканга туура келди. Ошентип ал кыз келгенде ишимди баштап, андан кийин ишти токтотуп турмай болдум. Ал кыз эртеӊ менен келип мен комуз менен алек болуп жатканда жанымда карап отурчу. Андан сүрдөп жатып жай иштегендиктен өрүк комузду 13 күндө чаап бүттүм. Комуз даяр болгондон кийин тиги кыз үнүн бир сыйра текшерген соӊ алаканына коюп үйлөп да көрдү. 

Көрсө, ал кыз комуздун мен билбеген сырларын да билет экен. Анан менден бир кочуш акиташ сурап алы аны эриткенден кийин, жышыгыч (мачалка) менен комуздун сыртын бир сыйра сүртүп чыкты. Андан кийин комузду күндүн нуруна бир аз койгон соӊ комуздун өӊү өзгөрүп аппак болуп калды. Мындай көрүнүшкө таӊгалып жатсам менден чүпүрөк сурап комузду бир сыйра аарчыды. Акырында тамакка кошкон майды комузга сүйкөгөндөн кийин кайра чүпүрөк менен сүрткөндө өӊү кыпкызыл болуп калды. Ал кыздын айтуусуна караганда акитиш комуздун өӊүн өзгөртпөй эле, ага майда курттун түшүүсүнөн сактайт экен. 

«Нурак Абдыракмановдун комуз чапканын билчү эмес элем»

--Кийинчерээк комуз сатып жүрүп «Беш-Сары» соода борборунун жанынан ыраматылык Нурак Абдыракмановго жолугуп калдым.

Ал кишинин комуз чапканын билчү эмес элем. Ал мага комуз чапкандын бир топ сырларын айтып берүү менен бирге, кардарларды нааразы кылбаш үчүн акчага кызыкпашымды эскертти. Анын кеӊешинен кийин менин комузумду сатып алган адамдар мага жалаӊ гана алкыш айтышын каалагандыктан, мурдагыга караганда өз ишиме ого бетер жоопкерчиликтүү боло баштадым.

Мен өзүм чыгармачылыкка жакын адам катары элибизге белгилүү айрым өнөрпоздордун талантын сыйлайм. Андыктан элге белгилүү болгон айрым ырчыларга атайын белек катары комуз чаап берсемби деп ниет кылып жүрөм. 

Булак: Нурислам КАБАКБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости