www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орозбек Сыдыков юстиция министринин орун басары кызматын тапшырды. Бул тууралуу 27-февралда белгилүү болду.
Ал бул кызматка 2021-жылдын июнь айында дайындалган болчу.
Сыдыков 1987-жылы 7-майда Ош облусунда төрөлгөн. 2012-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун аяктаган. 2015-2017-жылдары президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча магистр даражасын алган.
Эмгек жолун 2013-жылы омбудсмендин аппаратында Ош облусу жана Ош шаары боюнча иш кагаздарын жүргүзүүчү катары баштаган. Юстиция министрлигиндеги карьерасын 2014-жылы башкы адис болуп баштаган.