www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясынын шаарды өнүктүрүү жана өрт коопсуздугунун стандарттарын сактоо боюнча кызматтардын көчмө комиссиясы "Орто-Сай" базарынын аймагын карап чыгышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Базардын коопсуздугу боюнча маселе жеринде талкууга алынды.

"Базардын администрациясы, архитекторлор жана "Бишкекбашкыархитектура" ишканасынын жеңил типтеги объектилер бөлүмүнүн адистери менен биргеликте соода комплексинин узун-туурасына жетчү тосмолордун долбоорун пландаштыруу боюнча алдын ала иштер жүргүзүлдү", — деп айтылат маалыматта. Жолугушууда тосмолордун деталдуу долбоорун иштеп чыгуу жана базарды биргелешип жакшыртуу боюнча макулдашуу болгон.

Эскерте кетсек, 9-ноябрда базарда ири өрт чыгып, жалын жалпы аянты болжол менен 1800 чарчы метр жерди жалмаган. Өрттү өчүүрүдөгү башкы көйгөй болуп өрт өчүрүүчү унаанын базардын катарларына батпай, кире албагандыгы болгону айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости