www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэриясында борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында пландык кеңешме өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жыйындын алкагында дем алыш күндөрү Орто-Сай базарына жүргүзүлгөн кыдыруунун жыйынтыктары каралды.

Шаар башчысы базардын учурдагы абалына нааразычылыгын билдирди. Бир жыл ичинде аймакты жакшыртуу жана көрктөндүрүү боюнча иштер жүргүзүлгөнүнө карабастан, жооптуу кызматтар тарабынан тийиштүү туруктуу көзөмөл камсыздалган эмес. Натыйжада абал кайрадан мурдагы кейпине келип, башаламан соода жанданып, аймактын жалпы көрүнүшү начарлаган.

«Баарын көзөмөлсүз калтырып, бир жолку иш менен чектелүүгө болбойт. Бул биздин күнүмдүк милдетибиз жана аны дайыма аткарышыбыз керек. Бул бардык жетекчилер үчүн эскертүү», — деп белгиледи мэр.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

Уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгынын башчысы Кубандык Акматбеков ээлеген кызматынан бошотулду;

Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев кызматынан бошотулду;

Октябрь районунун акиминин биринчи орун басары Майрамбек Адылбеков кызматынан бошотулду.

Тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн дисциплинардык чаралар көрүлдү:

мэрдин орун басарлары Азамат Кадыровго жана Рамиз Алиевге эскертүү берилди;

«Шаардык жол-транспорттук инфраструктура» муниципалдык ишканасынын башчысы Асылбек уулу Бакайга жана Муниципалдык инспекциянын башчысы Мирланбек Таалайбековго сөгүш жарыяланды.

Ошондой эле Октябрь райондук администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысынын ээлеген кызматына ылайыктуулугу кароого алынды.

 

Последние новости