www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан Орто-Токой ГЭСинде 110 кВ чыңалуудагы ачык бөлүштүрүүчү түзмөктүн (АБТ) жана 110 кВ аба электр чубалгысынын (АЭЧ) курулушу ийгиликтүү аяктады.
Бул тууралуу «Чакан ГЭС» ААК билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында кубаттуулугу 25 миң киловольт-ампер (кВА) болгон күч трансформатору да орнотулду.
Аталган иштер станцияда өндүрүлгөн электр энергиясын өлкөнүн энергетикалык тутумуна өткөрүп берүү үчүн зарыл болгон инфраструктураны түзгөн негизги этаптардын бири болуп эсептелет.
Курулуштун эң татаал бөлүктөрүнүн бири – электр берүү чубалгысын дарыя аркылуу өткөрүү иштери болду.
Жумуштар суунун агымы секундасына 50 куб метрге чейин жеткен шартта жүргүзүлүп, атайын техниканын жардамы менен чубалгы ийгиликтүү өткөрүлгөн.
Ошондой эле курулуш учурунда айыл чарба тармагын сугат суусу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган эмес. Бардык иштер суу берүү режими сакталган шартта аткарылган.
Учурда долбоорду ишке ашыруу уланууда.
Азыр 110 кВ аба электр чубалгысын «КУЭТ» ААКнын электр тармагына кошууга даярдык иштери жүрүп жатат.