www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас шаарында 6,8 млрд сомго бааланган филармониянын курулушу убактылуу токтотулганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.
Айтымында, аталган каражатка аймактагы мектептерди жаңылоо пайдалуу болот.
"Бир филармонияны курууга караганда авариялык абалдагы мектептерди жаңылоо артык. Учурда Жалал-Абад облусунун аймагында жалпы 27 мектеп авариялык абалда турат жана дагы 3 бала бакча жаңы имаратка муктаж. Ушуга байланыштуу Манас шаары үчүн 6,8 млрд сомго бир ири филармония курууга караганда, аталган каражатты зарыл болгон социалдык муктаждыктарга багыттап, ондон ашык жаңы мектепти куруу – убакыт талабына жооп берген туура чечим болуп эсептелет", - деди министр.
Орунтаев филармония куруу долбоору кайрадан каралып чыгарын белгиледи.