www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын армиясы Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн (ККК) Киев шаарындагы жана Киев облусундагы логистикалык борборлоруна сокку урду. Бул тууралуу 5-августта Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, соккунун натыйжасында Киев шаарындагы жана Киев облусундагы транспорттук-логистикалык борборлор жабыркаган.
Ведомствонун билдирүүсүндө, бул объекттер курал-жарактарды жана аскердик багыттагы жүктөрдү жеткирүүдө, ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттарды чыгаруу жана бөлүштүрүүдө колдонулганы айтылат.
Маалыматка ылайык, сокку Киевдин Оболон, Святошин жана Деснян райондорундагы, ошондой эле Киев-Святошин жана Бровары райондорундагы объекттерге, мындан тышкары борбор калаанын четиндеги жана Киев облусундагы аймактарга жасалган.
Атап айтканда, «МЛП–Чайка» транспорттук-логистикалык борбору, «Новус» жана «Калиновка» логистикалык борборлору, «Новая почта» терминалдары, ошондой эле «Транс-Логистик» жана «Терминал Розетка» компанияларынын кампа жайлары жабыркаганы айтылды.
Орусиянын Коргоо министрлиги бул объекттерде курал-жарактар, аскердик мүлк, дрондор үчүн тетиктер сакталганын жана Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн логистикалык камсыздоосунда колдонулганын билдирди.