www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын аскерлери Украинадагы Запорожье атомдук электростанцияны аткылаган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу БУУнун кезектеги жыйынында Орусиянын аталган уюмдагы өкүлү Василий Небензя билдирди.

"Бүгүн биз Украинанын кезектеги жалган маалыматына күбө болдук. Запорожье АЭСине биздин аскерлер кол салган эмес. Мунун баары Орусияга каршы терс маалыматтарды тараткан компаниялардын иши. Орусия АЭСти аткылагандан кийин өрт чыкты деген маалымат чындыкка дал келбейт", - дейт Василий Небензя.

Белгилей кетсек, кечээ Украинанын эң чоң атомдук станцияларынын бири болгон Запорожьени Орусиянын аскерлери аткылагандан соң өрт чыкты деген маалымат тарап, эгер өрт убагында токтотулбаса чоң апаатка алып келери айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости