www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия менен Украинанын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүнүн төртүнчү раунду болуп өттү.
Орусиянын Украинага кол салуусунун 19-күнүндө делегациялар кайрадан сүйлөшүү уюштурду. Дүйнө эли эки тараптын сүйлөшүүс тезирээк тынчтык орноосун тилек кылып турганда, анын 4-раунду да аяктады.
Ал арада Украина президентинин аппарат жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк билдирүү жасап, жолугушууда эки тарап тең өз көз караштарын айткандарын, делегациялардын ортосундагы пикир келишпестиктердин ар башка саясий системалардан келип чыкканын кабарлады.
Ошону менен бирге, Подоляк 4-сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпаганын, тарапташтар бири-бирине коюлган сунуш-шарттарды карап чыгып, 15-мартта сүйлөшүү кайра уланарын маалымдады.
Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган. Андан бери эки тараптын делегациялары 3 жолу жолугушуу уюштурушкан.
Булак: NazarNews.kg