www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик думанын спикери Вячеслав Володин өзүнүн Telegram-каналында америкалык саясатчылардын «ызы-чуусун» түшүндүрүп, президент Джо Байден Украинадагы кырдаалга өзү жооптуу болоорун түшүнө баштаганын билдирди.
«Вашингтон азыр айласын таппай жаткан кези. Сенаторлордон тартып президентке чейин. Себептери айдан ачык: Орусияга каршы санкциялардан майнап чыккан жок; коом (Орусиянын президенти Владимир) Путиндин тегерегине чогулду; Украина көзөмөлдөн чыкты; энергия менен күйүүчү майдын кымбатташынын рекорддук көрсөткүчү АКШда эле эмес, Европада да катталууда», - деп жазган саясатчы.
Спикер кошумчалагандай, Америка президенти Украинадагы кырдаал үчүн жоопкерчилик ага артылаарын түшүнө баштады. Ошондой эле, ал орус лидери буга чейин Байденди коопсуздук маселеси боюнча диалогго барууга үндөгөнүн, бирок Байден муну эп көрбөгөнүн кошумчалады.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg