www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын борбору Киевдин түндүк тарабында жайгашкан Бузова айылында ондогон жай тургундардын сөөгү көмүлгөн жапырт көрүстөн табылды. Бул тууралуу Бузова айылы кирген Дмитровка айылдык аймактын башчысы Тарас Дадич билдирген.
«Биз азыр кайрадан жай турмушка көнүп башташыбыз керек, бирок оккупация учурунда көп жарандарыбыздан айрылдык», - деди Дадич жергиликтүү телеканалга берген маегинде.
Маалыматка ылайык, сөөктөр май куюучу жайдын жанына көмүлгөн.
Буга кошо, жай тургундардын сөөктөрү аткылоого туш болгон автоунаалардын ичинде да табылган. Ал эми бул маалымат азырынча тактала элек.
Киевди курчоого алуу аракети ийгиликсиз аяктаган соң Орусиянын аскерлери жакында эле Киевдин аймагынан чыгып кеткен.
БУУнун расмий маалыматына ылайык, Украинадагы согуштан улам 1700 жай тургундун өлгөнү айтылган. Иш жүзүндө жоготуулардын саны андан да көп экени айтылып келет.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg