www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстанда күйүүчү май 67 сомго чейин чыгып, дефицит жаралганын айрымдар жазып чыкты. Кыргызстан дагы дефицит жаралбаш үчүн контрабандалыкты токтотуш керек деген пикирлер айтылууда. Анткени Баткен облусу аркылуу коңшулаш Тажикстанга күйүүчү май контрабандалык менен өтүп жүргөнү көп жылдан бери айтылып келүүдө. Контрабандалыкты токтотуу Баткен губернатору Суваналиевдин колунан келеби?
Контрабанданын уюгу Лейлектен көрүнөбү?
Лейлек району үч мамлекет тутумдашкан, көптөгөн улуттар кылымдардан бери аралаш орун-очок алышып, Ворух,Сох сыяктуу анклавдар жайгашкан жер. Кыргызстан Бажы Биримдигинин же ЕАЭБнин мүчөсү, Шавкат Мирзиеев Өзбекстан ЕАЭБге кирбей турганын билдирди. Тажикстан да ЕАЭБде жок. Арийне, бул мамлекеттердин айыл чарба азык-түлүктөрү коррупциялык жол менен ЕАЭБдин мүчөсү Кыргызстанга жамынып, ЕАЭБдин башка мүчөлөрү Орусия, Казакстанга дүңүнөн коррупциялык жол менен өтүп жатканы өткөн жылдары маалым болгон. Муну менен катар Орусия, Казакстандан Кыргызстанга келчү арзан мунайзаттар кыргыздын салып койгон асфальт жолдорун талкалап, контрабандалык жол менен Лейлек аркылуу Тажикстанга өтүп жатканы да жалган эмес.
Борбор Азияда Казакстан,Өзбекстан,Түркмөнстан газ, мунайзатка бай мамлекеттер. Суу энергетикасына өтө бай Кыргызстан, Тажикстан газ, мунайзат алууда башка мамлекеттерге көз каранды. Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү, ошондуктан Бажы Биримдигинде жеңилдиктерди пайдаланышып, товарларды, анын ичинде мунайзатты арзан баада алат. Икрамжан Илмиянов мамлекеттик рулду башкарып турганда Тажикстан менен чектеш аймактарда, айрыкча Лейлек районуна өзүнүн ишенимдүү адамдарын коюп келген. Илмиянов ишенген мыктылары мунайзатты ЕАЭБ мамлекетеринен арзан баада сатып алышып, ЕАЭБде жок Тажикстан сыяктуу мамлекеттерге контрабандалык жол менен кымбат баада сатып келишкен. Кызыгы, Икрамжан Илмиянов кылмыш иштери менен көп жылга кесилип кетсе да, анын ишенимдүү адамдары тиешелүү жерлерди жетектеп турат. Эмне Субаналиевдин Илмияновдун контрабандаларды уюштурган адамдарга алы жетпейби? Мындай адамдар Лейлек районун жетектеп турганда контрабандалык жол менен Тажикстанга өтүп жаткан мунайзат токтоду деп айтыш эртелик кылат. Мунайзатка болгон баалардын кымбатташы күйүүчү майды толугу менен Орусиядан импорттогон Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдү өтө кыйын абалга кептеди. Кыргызстанда жумушу бар эсептелгендердин 20 пайыздайы дыйканчылык менен алектенет. Жазгы талаа жумуштары башталаар алдында баалар кескин өсүп кетти. Ага кошул-ташыл болуп азык-түлүккө баалар дагы өсүүдө. Муну расмийлер импортко көз карандылыктан улам деп түшүндүрүп келүүдө.
Орусия, Казакстандын мунайзаты Тажикстанга неге өтөт?
Орусия мунайзаттын запасы боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Орусияда дүйнөлүк мунайзаттын 10 пайызы, ОПЕКтен тышкары 27 пайыз топтолгон. Мунайзатты иштеп чыгаруу боюнча Орусия дүйнөлүк лидер Сауд Аравиясы менен теңме-тең болуп, ал эми чет мамлекеттерге чыгаруу боюнча экинчи орунда келатат. Орусияда күйүүчү майга болгон баалар кайрадан көтөрүлүп жатат. 2021-жылдын башынан бери бензин менен дизелдин баасы 2-3% өстү. Бензиндин кымбатташы күйүүчү май кризисине алып келип, анын кесепетинен социалдык чыңалуу жаралышы мүмкүн. Орусия кырдаал көзөмөлдө экенин айтууда. Бааны түшүрүү үчүн бийлик бюджеттен кошумча каражат бөлмөк болду.
Орусиянын энергетика министрлиги күйүүчү майга болгон баанын кымбатташын керектөөнүн өскөнү менен түшүндүрүүдө. Баа көтөрүлгөн учур 2020-жылдын жайында болгон. Анда расмийлер муну локдаундун бүтүшү менен түшүндүргөн. Көп өтпөй баалар турукташып калган эле.
Кайрадан кымбаттоолор өткөн жылдын соңунда башталды. Өлкөнүн ичинде дефицит жаралгандан баа көтөрүлдү деп айтылган. Анткени күйүүчү майды сыртка сатканда көбүрөөк пайда түшүп жаткан. Келишим боюнча мындай учурда өкмөт мунай өндүрүүчүлөргө бюджеттен кошумча төлөп бериши керек. Бирок 2021-жылы январда мунун баары тескерисинче болду, мунай өндүрүүчүлөр бюджетке каражат төгүшкөн. Буга чейин иштеп келген механизм бир нече себептерге байланыштуу үзгүлтүккө учурады. Коронавирус пандемиясынан улам рыноктун өзгөрүшү сыяктуу бир нече себептери бар.
Өлкөнүн ички базарына сатканга караганда экспорт пайдалуу болуп баратат. Мунай өндүрүүчүлөр жоготуулардын ордун толтуруунун формуласын өзгөртүүнү сунуштап, бирок өкмөт буга макул болгон эмес. Жыйынтыгында өкмөт баары бир формуланы өзгөртүүнү чечти. Азыркы макроэкономикалык абалда, учурдагы акчанын курсу, ошондой эле дүйнөлүк базардагы мунайга болгон баанын өсүшүнүн шартында бул механизм анча-мынча өзгөртүүлөргө муктаж. Орусия өкмөтүндө бул маселе иштелип чыкты. Жаңы формула 1-майдан тарта иштеп баштайт. Мунай өндүргөн компанияларга төлөнө турган кошумча көбөйөт.
Орусиянын энергетикалык геостратегиясы
Албетте, газ алуу боюнча Орусия дүйнөдө абсолюттук лидер, Орусиянын үлүшүнө дүйнөдөгү газдын үчтөн бири, дүйнөлүк экспорттун 30 пайызы туура келет. Мунайзат жана газды сыртка чыгаруудан түшкөн акча мамлекеттик казынанын үчтөн бир кирешесин түзөт. Орусия мунайзат жана газ аркылуу өзүнүн экономикалык жана саясий позициясын болушунча бекемдеп, мунайзат, газды тышка чыгаруу боюнча кошуна мамлекеттердин экономикасын тушап алган. Москванын тышкы саясатынын өзгөчөлүүлүгү экономиканы же мунайзат, газды күчтүү инструмент катары пайдаланып, эл аралык аренада саясий максаттарына жетип келатат. Орусиянын Батыш же Европа өлкөлөрүнө болгон мамилеси, ошондой эле Чыгыш же Кытай, Японияга болгон мамилелери ушунун негизинде түзүлгөн. Барынан да Орусиянын “энергетикалык стратегиясы” мурунку СССР, азыркы КМШ мамлекеттерине тушамыш салганы чындык. Ушундан улам Борбордук Азиянын мамлекеттеринин геосаясий улуттук, экономикалык жана энергетикалык кызыкчылыгы Кремлдин энергетикалык саясатына көз каранды.
Орусиянын энергетикалык геостратегиясы үч багытта өнүгүп жатат:
1.Европалык, негизги акча булактары түшө турган булак,ошондуктан Евробиримдик Москва менен тыгыз байланышта болууга кызыкдар. Евробиримдик аркылуу Орусиянын эл аралык таасири күчөп бараткан. АКШтын кийлигишүүсү менен орто сууп бараткандай.
2.Борбор Азияда энергетикалык ресурстардын булактары бар, СССРден калган көнүмүш адаттар боюнча бул жердеги мамлекеттер Орусияга көз каранды абалда келатышкан.Бирок, акыркы жылдары бул жакка АКШ, Кытай сыяктуу башка мамлекеттер ашык боло баштаган соң Орусия жеңин түрүнүп шымааланып киришкен.
3.Ыраакы Чыгыш же Азиялык багыт, Орусиянын геостратегиясында жаңы вектор болуп эсептелинет. Азырынча бул тарап географиялык, каржы-экономикалык, технологиялык жана саясий жактан аксап турат, бирок бул тараптын келечекте жайыты кенен. Бул тарап Борбор Азия менен бекем байланышта болоору эмитен белгилүү боло баштады. Учурда Орусиялык компаниялар бул тарапка кызыгышып, алкымын кенен иштетишип, шилекейин агызып турушат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg