www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Азыркы Баш мыйзамга депутаттарды ийилтип, жүгүнтө турган нормалар кирип калган” - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.

--“Бул конституция иштеп калса, аягы аябай жаман болот. Баланс сакталган эмес. Мисалы, президент аша чаап баратса тарта турган тизгин чара жок. Ал тизгин Жогорку Кеңеште болушу керек эле. Тилекке каршы азыркы конституцяда депутаттарга андай укук берилген эмес. Булар Американын конституциясынан мисал алышты. Аларда президент менен депутаттарга бирдей укук берилген. Ал эми Кыргызстандыкында тең салмактуулук сакталган эмес. АКШдай эле балансты түзүшсө туура болмок. Президентти тарта турган бир дагы бийлик жок болуп калган. Айрымдары актанып “импичмент бар” дешти. Баарыбызга белгилүү болгондой булар импичментти жасай албайт. Азыркы Баш мыйзамга депутаттарды ийилтип, жүгүнтө турган нормалар кирип калган. Себеби, депутаттар он күн ичинде жумушка чыкпаса иштен айдалат деген нормаларды киргизип коюшкан. Мындайча айтканда  бул мыйзам чыгаруу институтуна болгон түкүрүк”, - дейт Исмаил Исаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости