www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын чалгын кызматтары Орусия Украинага 2022-жылы кол салат деп билдирди. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги атайын кызматтардагы булактарына таянып жазып чыкты.
Булактын айтымында, Москва үч тараптан чабуул даярдап жатат: Крым жарым аралы, орус-украин чек арасы жана Беларустун аймагы. Чалгындоо кызматкерлери ошондой эле европалык кесиптештери менен чалгындоо маалыматтарын бөлүшүшкөнүн кабарлашты.
Агенттиктин маалыматына караганда, АКШнын чалгын кызматтарында орусиялык аскер контингенти Украина менен чек арага чогулганын тастыктаган карталар бар. Вашингтондогу маалыматтарга караганда, Орусия чабуулга жүз миңдей аскерин даярдап жатат. Бул аскерлер тобу Украина менен болгон согуштан тышкары басып алган аймактарды көптөн бери көзөмөлдөп келген.
Россиянын тактикалык топторунун көбү өз позицияларында экени белгиленген. Аскерлердин алдыга жылышы аба соккулары менен колдоого алынууда. Арткы коопсуздукту атайын кызматтар камсыздайт.
Фаррукжон Муродкулов, Ташкент
Булак: NazarNews.kg