www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан Тажикстан сыяктуу Орусия менен ШКУда (ШОС), ЖККУда (ОДКБ), КМШда (СНГ) өнөктөш мамлекет. Бир гана айырмасы Тажикстан ЕврАзЭКте жок. Орусия АКШ Ооганстандан аскерин алып чыгып жатканына байланыштуу, талибандар дагы тентектик кылып жибербесин деп Борбор Азия мамлекеттерин күчтөп жатат. Азырынча так маалымат жок, бирок Москва Тажикстанга миллиард сомдон ашуун аскердик-техникалык жардам бергени турат. Ал эми өнөктөш Кыргызстанга деле аскердик-техникалык жардамдар берилерин айтып жатышат. Бирок, Тажикстанга салыштырмалуу деңизге куюлган тамчы сыяктуу. Деги Кыргызстанда кандай аскердик-техника бар?
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү
СССР заманында Кыргызстандын куралдуу күчтөрү Орто Азия аскер округуна тиешелүү эле. СССР кансыз жол менен бөлүнө турганда, ар бир мамлекетте эмне мүлк болсо, ошонун бары ошол мамлекетке тиешелүү болгон. Бир гана ядролук куралдары Украина, Казакстан, Белорусиядан алынып, Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө топтолуп, ал гана ядролук мамлекетке айланган. Бирок, бизге тиешелүү аскердик мүлккө суук колун матыргандар да болбой койгон жок. Кыргызстан өз алдынча эгемендүү мамлекет болгон соң Феликс Кулов ал мезгилде жаңы ишке кирген вице –президенттик кызматты ээлейт. Ал бул кызматынан пайдаланып Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн тик учмаларын (вертолет) Орусияга сатып жиберип, ансыз деле союз тарап күчү азайып бараткан кыргыз армиясынын күчүн азайтууга зор салым кошкон.
Өлкөбүздөгү жалгыз жөнөкөй жана реактивдүү торпеда чыгарган завод «Дастан» аскер-өнөр жай комплекси болуп эсептелинет. Союз убагында курулуп, чыгарылган торпедолору ташылып кетип тургандыктан, Кыргызстандын өзүнө бул завод деңиз - аскердик күчтөрү жок болгондуктан кереги деле жок. Көпчүлүк чыгарган продукциялары Орусияга, Индияга экспорттолот. Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн болжолдуу саны — 15 миң адам. Көбүнесе контрактык негиздеги аскерлер түзөт. Кургактыктагы аскерлери Түндүк жана Түштүк-батыштагы аймактык командачылыгы болуп экиге бөлүнөт. Түштүк-Батыш аймактык командачылыгынын карамагында Оштогу Биринчи мотоатышуу бригадасы, 24-бригадалык «Илбирс» спецназы жана өзүнчө батальондор бар.
Түндүк аймактык башкармалыгына Токмоктогу 8-мотоатышуу дивизиясы, Кой-Таштагы экинчи мотоатышуу бригадасы жана Илбирске окшогон Токмоктогу 25-бригадалык «Скорпион» спецназы, ошондой эле өзүнчө батальондор кирет. Үчүнчү зениттик-артиллериялык бригада да кошулат.
Кыргыз армиясында 215ге жакын T-72 танктары, 30дан 42ге чейин БРДМ-2, 400гө жакын БПМ жана БМД (274кө жакын БПМ-1, 113БПМ-2), 300дөн ашык БТР (200 МТЛБ, 122ге жакын БТР-70, 15 БТР-80). Бул бронтехниканын жарымы улуттук гвардия (ИИМ ИК) жана мамлекеттик чек ара аскерлерине тийиштүү.
Артиллерия боюнча 30 САУ (12 2С9, 18 2С1), 141 буксирлөөчү курал-жарактарды, 304 миномет (250 БМ-37, 6 2С12, 48 М-120), 21 РСЗО БМ-21 камтыйт. 62 ПТРК (26 «Малютка», 12 «Конкурс», 24 «Фагот») и 18 ПТО МТ-12.
Чек ара жана ички аскерлерлерде 4 ЗРК «Стрела-10», 400гө чейин ПЗРК «Стрела-2/-3», 24 ЗСУ «Шилка», 24 зениттик курал-жарактар ЗУ-23-2 и С-60 бар.
Кыргызстандын өзгөчө ички саясатына жараша атайын дайындоочу күчтөргө абдан көңүл бурулат. Коргоо министирлигинин карамагында айтылып өтүлгөн «Илбирс» жана «Скорпиондон» тышкары Улуттук Гвардия, «Пантера» жана «ШЕР» спецназын кошсок болот.
Булардын милдети кылмыштуулук жана терроризмге каршы операцияларды жүргүзүү болуп саналат. Өзүнүн атайын бөлүктөрү мамлекеттик президентти коргоо кызматында да «Арстан» отряды бар.
Баңги заттарды жүгүртүүгө каршы «Кыргый» спецназы жана чек ара кызматы деп саналган «Бөрү» жана «Арстан» кирет. Бул отряддар өзбек жана тажик чек арасында турган чек арачыларды колдоп, наркотрафикке каршы иш-чараларды жүргүзүп турушат.
Кыргызстандын аскердик аба күчтөрүндө негизинен транспорттук авиация бар. 100гө жакын МиГ-21 истребителдери бар болгону менен, азыркы кезде алардын баары керектен чыккан. Курал-жарак колдоно алчу учактар болуп эсептелинет. 4 окуу l-39 жеңил штурмовик катары колдонулат. Ошондой эле, 2 Ту-154 жана 2 Боинг-737 жүргүнчү ташуучу учак бар. Алар өлкөбүздүн башкаруучуларына таандык. Онго жакын Ми-24 тик учагы жана жана 9 аскердик вертолёт бар.
Өлкөбүздүн аймагында Орусияга караштуу Кантта жайгашкан 999чу авиабаза бар. Бул орто эсеп менен 10 аскердик тик учак жана 15 вертолет. Дүйнөдө боюнча Кыргызстандын куралдуу күчтөрү 110-катарда тургандыгын Global Fire Power порталы жарыялап чыккан. Бизден кийин да жүздөгөн мамлекеттер бар, демек биз жоон ортосунда турат экенбиз.
Кулов болбосо Куралдуу күчтөр мындан да көп болмок
Кыргыз элине тиешелүү курал-жарактар капчык толтуруу максатында Орусия, Кытай, Тажикстанга чыркырап кеткен. Кулов тарабынан Орусия Федерациясына сатылган 9 аскердик учак, 12 вертолеттон түшкөн миллиондор кайда житип жок болду? «Фрунзе -1» аскер шаарчасын, авиаполкту, ошол кездеги көшөгөнүн артында жашынып турган куловдук «Тосор» фирмасын кайда жашырабыз?
Кытайга 5 учакты сатып, эски учактардын ордуна алар 3 жаңы ТУ-154 берерин дүң кылган, ошол учактар Кулов аркылуу аты-жыты чыкпай жок болду? Эмне кыргыз элинин сурап алары жок бекен? Эртели-кеч чыгат да...
1993-жылдын 7-майында вице-президент Кулов 150 Калашников автоматын Тажикстанга сатканы белгилүү болот. Муну бекемдеген документтер булар: президент Акаевдин № 180 (29.05.92) Жарлыгынын негизинде, вице-президент катары Феликс Кулов «Канат» долбоору аркылуу аскер куралдарын сатуу боюнча № 80 (2.06.92) буйрук чыгарат. Ал эми ушул жылдын 30-сентябрында вице-президент Феликс Кулов Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Үмөталиевке № 2-1272 буйрукту жөнөтөт: «Тажикстандын өкмөтүнүн Кайрылуусуна байланыштуу, иштерман «Канат» долбоорундагы жоболорду жетекчиликке алып Тажикстан Республикасына төмөндөгү куралдарды жана техниканы даярдоону уюштурууңузду суранам:
Т-72 танкынан – 2 (экини);
БМП –12 (он экини);
БТР-70 –2 (экини), бардыгы мурун колдонулгандардан;
АКМ-7 62 автоматтарынан -150 (жүз элүүнү);
Ар бир автоматка 4 комплекттен ок (180 000)
Мунун бардыгы келишим баалар менен сатылат».
Ушул буйруктун негизинде Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орунбасары генерал Субанов резолюция жазат. Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Башкармалыгынын начальниги полковник Шубанов Тажикстанга 150 автомат, 180 000 ок жөнөткөн. Резолюция боюнча ар бир автоматтын баасы 56 миң рубль, ар бир октун баасы 2 рубль болгон. Бардыгын эсептегенде 11 406 330 рубль болуп, бул ишти бүтүрүү Куловдун сүйүктүү «Алекс» фирмасына тапшырылат.
Курал-жарак сатуу өкмөттүн компетенциясына кирип, Хельсинки Келишими боюнча курал-жарак сатууга тыюу салынганын уруп ойнобой, Кулов өзү түзгөн «Канат» долбоорунун негизинде кыргыз элине тиешелүү курал-жарактарды туш тарапка сатып, миллиондорго маарыган.
Андан тышкары, Куловдун айынан Кыргызстан Орусияга эмне үчүн 238 млн карыз болуп калган? Муну Кулов тактап алса болмок. 238 млнго Орусиядан Кыргызстанга металл келип түшүп, Куловдун «көсөмдүгү» менен Кытайга сатылып кеткен. Ал кезде да Кулов өлкөбүздүн вице-президенти болуп турган. Ошондогу вице-президент Феликс Куловдун укугу кеңири болгонун, спиртти кайра иштетүүгө жана сатууга, алтын казып алууга, металлдарды ташууга лицензия берип турган.
Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg