www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов бүгүн, 6-майда өзүнүн ИИМге суракка чакырылышы боюнча видео кайрылуу жасады.

Анын айтымында, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына Бишкектеги былтыркы 5-6-октябрдагы окуяларга байланыштуу күбө катары сурак берип чыккан.

Ошондой эле, Молдокматов өзүнүн кайрылуусунда жалпы октябрь окуялары боюнча Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевда сурак бериши керектигин белгиледи.

«Окутябрь окуялары боюнча Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевда сурак бериши. Мына ошондо гана адилетүү тергөө болот. Ал эми бул окуяга эң негизиги күнөөлүүлөр Кашкарбаев, Опумбаев жана Кошалиевдер чакырылган жок», - деди Молдокматов.

Белгилей кетсек, Молдокматов бүгүн, 6-майда саат 9да дагы бир иш боюнча суракка кирет.

Эске салсак, былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган. Митингчилер президент жана парламент отурган имаратты, атайын кызматты, басып алышып, абактарда отурган бир катар саясатчыларды бошотушкан. Кийин алардын көбү кайра камалып, айрымдары качып кеткен.

Өз кезегинде Жеңиш Молдокматов соңку парламенттик шайлоодо «Замандаш» партиясын жетектеп барган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости