www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Согуш улам алыстаганы менен добушу жаңырып турат

Улуу Ата-Мекендик согушка 365 миңден ашуун кыргызстандыктар аттанып, ошол согушта 165 миңдей мекендештен айрылганбыз. Кыргыздарды эң оор, согуш кайнап жаткан жерге салышыптыр. Немец офицери, ССтин штандарт фюрери Ганс Шмидт минтип жазыптыр, муну "Правда" гезити 1943-жылдын 6-февралындагы санына жарыялаган: «Биз орустарды кынына кийирип Москвага чейин кубалап бардык. Москвага жеткенде кара тору адамдар пайда болду. Булар ушунчалык чыдамкай, өжөр, жалтанбаган калк болот экен. Танкка каршы өмүрүн аябай жалгыз чыгышат. Ушундай кишилер менен кармашып жатып, булар кимдер экенин тактадым. Көрсө кыргыз, казак деген эл экен». Кыргыз элин алдыга салып Москванын алдында немецтерди тоскону тарыхий чындык. Ал эмес Напалеон каптап келе жатканда 1812-жылы кыргыз атчандарын Бородинодогу француздарга каршы салып, Наполеонду тоскону да чындык.

Улуу Ата-Мекендин согушка атам Келдибек колуна курал алып катышкан, анын айткандарын жазып коёюн дедим. 1941 – жылы жайында согуш башталат. Кылым таяп жашап калган Эсенбай каза болот. Үзүлөр алдында бул алаамат узакка созула турган болуп баратат. Бала-бакырам аман-эсен кезинде ашымды кошуп берип кеткиле” - деген экен. Эсенбайдын көзү өткөндө бала–бакыралары Намазбек, Надырбек, Турдубек, Келдибек, Ополоң, Турумбектер бар экен, Эсенбайдын керээзин аткарышып коюшуп, кыркы, ашын берген соң чилдей тарашып бири согуш майданында көзү өтсө, бири тылдагы кара жумушта жүрүшүп жок болушат.

Эсенбайдын кенжеси Келдибектин мыйзам боюнча  согуштан калуу боюнча эки “брону” болгон. Биринчиси, карыган энесине тек болуш үчүн, башкалар согушка кеткен соң, согушка алынмак эмес. Экинчиден, ал кезде мектеп директорлоруна согуштан калтыруу үчүн “брон” болгон. Келдибек бул экөөнү тең пайдаланбастан 1942–жылы өз ыктыяры менен майданга жөнөйт. Эсенбай айтып кеткендей согуш узарып баратат. Эсенбайдын бой жеткен бала-бакырасынан бири да калган эмес. Келдибекти Фрунзеден Кушкага алып кетет. Ошол мезгилде Кеминден жөө-жалаңдап эжесинин кыздары узатканы, поезд жөнөгөн соң келишиптир. Кушкада ал Мукай Элебаев менен бирге болот. Ал кезде отуздан өтүп калган Элебаев он сегиз, он тогуздагы атамдарга токтолуп калган адамдай эле мамиле кылыптыр. Эки айча Кушкада окуган соң Саратовго күн сууктап калган маалда жол тартышат. Жолду кээде ачка кээде ток. “Ачкачылыкты Сталин билбейт, муну ортодогу эл душмандары жасап жатат” - дечү экен Мукай Элебаев. Ачкачылыкка чыдабай кээ бирөөлөр аскер кийимдерин, шинелдерин, өтүктөрүн сатышып курсактарын тойгузуп барышты дейт. Атамдар, Элебаевдер ач болсок да саткан эмес экен. Саратовго барган соң катарга тизишип, аскердик кийимдери жокторду бүт калтырышып, аскер кийимдерди бар атамдарды отун кыйганга алып кетиптир. Ашканага дежурлукка барганда котелок толтура тамак алып келип Мукай Элебаевге ооз тийгизип, жакын кыргыздар чогулушуп тамактанып алчу экен. Мукай Элебаев мени алып калгыла деп кат жазып жүрчү, кийин Ленинград фронтуна жөнөп, ошол жактан каза болуптур. Атам Келдибек ок аттырган мезгилде таамай айтып, снайперлик курска которулуп, ал жактан Белорус фронтуна жөнөтүлөт. Атам согуш тууралуу көп чечилип айта берчү эмес. Кээде угуп калгандардан. Бир өзбек тууралуу айтып калчу ПХД келгенде ал жетип биринчи туруп, дайыма тамактын коюусунан куйдуруп алчу экен. Бир күнү бомба дал ошол ПХДга тийип, ПХД да жок, биринчи чуркап барып кезекте турган өзбек да жок деп. Ал кезде чабуулга аттанаарда сталиндик 100 грамм арак берилчү экен. Атам өзүнө тиешелүү порцияны жанындагы оруска берип койчу тура. Кийин анын өмүрүн ошол орус сактап калыптыр. Бир чабуулда атама ок тийип ай талаада кансырап жатып калыптыр. Өлүү-тирүүнүн ортосунда жатып, атасы Эсенбайды көрүптүр, балам тур деп жатат дейт. Ошентип, көзүн ачса санбөлүктө жатыптыр. Көрсө, жанагы атамдын арагын ичип жүрчү орус талаадан издеп жүрүп атамды таап келип, санбөлүккө алып келиптир. Атам келбей калган соң өлгөн экен деп, атамды өлдү деген кара кагаз туулган жерине жөнөтүлгөн экен. Ошентип, Келдибек өлдү деген кабар айылына кетет.

Эсенбаев Келдибекти болсо санбөлүктөн госпиталга алып келишип, ок тийгенге буту гангрена болуптур дешип кесип салууга даярдана башташат. Атам кестирбей коюп, бирок өмүр боюу сылтып таяк менен жүрдү. Атам госпиталда дарыланып бүтүп, “өлдү” деген кабардан соң кайтып келип, Кара-Суу мектебине директор болуп дайындалат. Согуштан кийин атам бутун дарылатканы курортко барып калат. Жанында жаткан кара адам ага көз салып жүргөн экен. “Балам сен ары-бери басканы келдиң беле, же дарыланганыбы?” - деп, акыл-насааттарын айтып, дарыланууга кеп-кеңешин бериптир. Бул адам белгилүү хирург Иса Ахунбаев болгон экен. Дагы бир ирет атам Койсарыда Саякбай Каралаев менен бир бөлмөдө жатып калыптыр. Саякбай жаңы келгенде ар ким чакырып, конок кылышып. “Манасын” угушчу дейт, Кийин сээлдеп отуруп, бөлмөдөн чыкпай отуруп калды дечү. Ошондой күндөрдүн биринде бир “Чайка” келип токтоп Саякбайды сурап жатат дечү. Атам аны чакырып келсе, ал киши менен кучакташып көрүшүп, экөө тең жашып алышты дейт. Саякбайда салып кетип, эртеси күнү келиптир. Көрсө, ал ааламга аты чыккан казак жазуучусу Мухтар Ауэзов экен. Эсенбаев Келдибек жүздү карап 2015-жылы акты карады.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


 

Последние новости