www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Динара Кутманова Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Кутманованы бүгүн, 6-майда жамаатка Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улукбек Кармышаков тааныштырды. 

Кошумчалай кетсек, Динара Кутманова буга чейин КРнын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине директор болуп келген. 

Кутманова Динара Асиевна: 1961-жылы- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казакрман айылында туулган. 

Москвадагы Д.И.Менделеев атындагы химиялык-технологиялык институтунун жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын аяктаган. 

Юридикалык илимдердин кандидаты, эколог. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости