www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Соңку жылдарда Сирия, Тоолуу Карабах жана планетанын кооптуу бөлүктөрүндөгү окуялар Орус Армиясын күчтөндүрүүгө “жашыл жарык” берүүдө. Орустар көбөйтө баштаган советтик «Русланды» «теги украиналык» деген киевдик дооматтар болуп жатат. Советтик Армия дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын бири болгон. СССР заманында Кыргызстандын куралдуу күчтөрү Орто Азия аскер округуна тиешелүү эле. СССР кансыз жол менен бөлүнө турганда, ар бир мамлекетте эмне мүлк болсо, ошонун баары ошол мамлекетке тиешелүү болгон. Бир гана ядролук куралдары Украина, Казакстан, Белорусиядан алынып, Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө топтолуп, ал гана ядролук мамлекетке айланган. Бирок, бизге тиешелүү аскердик мүлккө суук колун матыргандар да болбой койгон жок. Кыргызстан өз алдынча эгемендүү мамлекет болгон соң Феликс Кулов ал мезгилде жаңы ишке кирген вице –президенттик кызматты ээлейт. Ал бул кызматынан пайдаланып Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн тик учмаларын (вертолет) Орусияга сатып жиберип, ансыз деле союз тарап күчү азайып бараткан кыргыз армиясынын күчүн азайтууга зор салым кошкон.
Кыргызстандын аскердик аба күчтөрүндө негизинен транспорттук авиация бар. 100гө жакын МиГ-21 истребителдери бар болгону менен, азыркы кезде алардын баары керектен чыккан. Курал-жарак колдоно алчу учактар болуп эсептелинет. 4 окуу l-39 жеңил штурмовик катары колдонулат. Ошондой эле, 2 Ту-154 жана 2 Боинг-737 жүргүнчү ташуучу учак бар. Алар өлкөбүздүн башкаруучуларына таандык. Онго жакын Ми-24 тик учагы жана жана 9 аскердик вертолёт бар.
Өлкөбүздүн аймагында Орусияга караштуу Кантта жайгашкан 999чу авиабаза бар. Бул орто эсеп менен 10 аскердик тик учак жана 15 вертолет. Дүйнөдө боюнча Кыргызстандын куралдуу күчтөрү 110-катарда тургандыгын Global Fire Power порталы жарыялап чыккан.
Ал эми Орусияда 30 жылдан бери сериялык аналогдордун эң ири жана мыктысы болуп келген ыраак аралыкка багыт алчу Ан-124 "Руслан" оор аскердик-транспорттук учагына экинчи өмүр бермекчи. Өз классындагы эң ири бул аппарат заманга бап жаңыртылат. Орусиянын тагыраагы, Ульяновскиде "Авиастар-СП" ишканасынын жакында өткөн жыйынында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуга Ан-124 "Руслан" учагын кайрадан чыгарууну сунушташты.
2004-жылга чейин Ульяновскидеги авиазаводдо ушул типтеги 56 машинанын 36сы чыгарылган, 2020-жылы мында Ан-124 учагынан алты бирдик оңдолгон. Ишкананын технологиялык деңгээли кыска убакыт аралыгында "Русландардын" сериялык өндүрүшүн жөнгө салууга мүмкүндүк берет.
Ульяновдук авиакуруучулардын сунушу жөнөкөй маселе эмес, себеби мындай демилгени бир топ жыл мурун Орусиянын Коргоо министрлиги да көтөргөн. Бирок бир нерсе дайым бул долбоорго тоскоол болуп келген. Ошентип, 2006-жылдагы Ульяновскидеги корпорацияда "Русландарды" Украинадагы ишканалар менен сериялык өндүрүшүн жандандыруу сунушун четке кагууга туура келген, анткени 8 жыл ичинде украиналык тарап кыймылдаткыч менен жабдыган эмес.
Орусиянын Өнөр жай жана соода министрлигинде Ан-124 учагын чыгарууга курч зарылдык болгон эмес, себеби ээлик кылган парктын ремонту "Русландарды" 2040-жылдардын аягына дейре (учактын иш жөндөм ресурсу – 50000 саат, учуш мөөнөтү – 10000 ирет же 45 жыл) пайдаланууга жол ачат.
Экинчи жагынан ошол эле мекеме алдыдагы жылдарда Ан-124кө окшогон орусиялык өтө оор транспорттук учактын өндүрүшүн баштамакчы. Дал ушул тапта "Русландын" жана орусиялык аскердик-транспорттук авиациянын жаңы мүмкүнчүлүктөрү жаралууда.
"Руслан" базалык аскердик-транспорттук учагы саатына 850 чакырым ылдамдыкта 4800 чакырым аралыкка 120 тоннаны көтөрүүгө (80 тонналык жүк менен 7500 чакырымга чейин учууга жөндөмдүү. Мунун америкалык аналогу Lockheed C-5 Galaxy жүк көтөрүмдүүлүгү боюнча кыйла артта калат. Орусиянын Коргоо министрлигинде он чакты гана Ан-124 колдонулат. Жаңы чакырык жана коркунучтар аскердик-транспорттук авиациянын сандык жана сапаттык өсүшүн талап кылат.
Сирияда аскердик-саясий абал чыңалган бойдон. Кырдаал мобилдик бекемдөөнү талап кылышы ыктымал, ошондуктан аталган мамлекетте аймагында Орусиянын Аба-космостук күчтөрүнүн ыкчам аэродромдорунун түйүнү кеңейтилүүдө. Америкалык The Drive басылмасынын маалыматы боюнча, Хмеймимдеги учуп-конуу тилкеси 3,2 чакырымга узартылды. Бул "чоң жүк салынган" "Руслан" Ан-124 оор аскердик-транспорттук учактарын кабыл алууга жол ачат.
Мурда аскердик-транспорттук авиация (анын ичинде Ан-124 учактары) Орусиядан Арменияга ыкчам түрдө Тоолуу Карабахтагы тынчтык орнотуучу контингенттин курамындагы 1960 аскер кызматкерин жеткирген. Алар штаттык курал-жарак жана техника, атап айтканда, 90 бронетранспортер, 380 автомобилдик жана атайын техника бирдиги менен жабдылган. Аскердик-транспорттук авиациянын мындай операцияларына алдын ала машыгып резервдик учак, экипаж, маршрут жана аэродромдор зарыл.
Брянск областында январдын ортосунда (Орусиянын тарыхында алгач ирет) Сеща жана Тверь авиациялык полкторунун экипаждарынын биргелешкен окуу-машыгуучу учуулары болду. Ага бир эле убакта алты "Руслан" Ан-124-100 стратегиялык аскердик-транспорттук учактары катышты. Бул иш-чара алыс аралыкка аскердик бөлүктөрдүн ички курамын штаттык курал-жарак жана аскердик техника менен чогуу жеткирүүгө экипажды машыктырууну көздөгөн. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, алты "Руслан" бортунда 3000дин айланасындагы аскер кызматкерин же 48 зооттолгон техника бирдигин ташый алат.
Күтүүсүз согуштук жаңжал жагдайында Орусиянын бардык аймагында жайгашкан күчтөр бирдиктүү организм сымал уюшуп, кырдаалдын кандай өзгөрүшү болбосун ыкчам аракет эте алат. Бул үчүн аскердик-транспорттук авиациянын ондогон жана жүздөгөн учактары керектелет, андыктан жакын арада Ульянов авиазаводунда иш көбөйөрү шексиз. "Руслан" Ан-124-100 учагы абага 120 тоннага чейин жүктү, толук жабдылган 880 аскер кызматкери же Ми-8 төрт тик учагы, узундугу 18 метрлик ракетаны же 18 жеңил автомобилди абага көтөрө алат.
Коргоо министрлигинен тышкары Орусиянын ар кыл структураларында ушундай дагы 20 учак пайдаланылат ("224-учуучу отряд" мамлекеттик авиакомпаниясы, "Волга – Днепр" компаниясы). Салыштыра турган болсок, украиналык "Антонов авиажолдору" ишканасында болгону 7 гана ушул типтеги машина бар. Орусияда Ан-124 тибиндеги оор машиналардын саны көбөйөөрү турулуу иш.
Санарип модернизация, НК-32 же ПД-14 өңдүү орусиялык жаңы кыймылдаткычтар, авионикадагы олуттуу өзгөрүүлөр жана шасси конструкциялары башкача аталыштагы оор аскердик-транспорттук учактарын чыгарууга өбөлгө болушу ыктымал. Мисалга, НАТОдо Ан-124тү эзелтен бери эле "Кондор" деп аташат. Ульянов заводунда оор аскердик-транспорттук учактарын кайрадан чыгарууга чоң тоскоолдук жок.
ANTONOV мамлекеттик ишканасындагылар Украина катышпаса өндүрүштү кайра жандандыруу мүмкүн эмес деп эсептешет, бирок Орусиянын Өнөр жай жана соода министрлиги ANTONOV Ан-124 учактарына болгон сертификат ээси катары Орусиядагы машиналардын учуш мөөнөтүн узартуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай, ошондуктан бул ишке россиялык өнөр жайды тартууга туура келерин билдирген эле. Ульяновдогу "Авиастар-СП" ишканасы бир топ жылдардан бери "Русландарды" сервистик жактан тейлеп, аларды Ан-124-100 (Аскердик-транспорттук авиация варианты) жана Ан-124-100-150 (максималдуу жүк – 150 тонна) тибине заманбапташтырат.
Ан-124 Советтер союзунда Воронеж, Ульянов, Киевдеги авиа ишканалар кооперациясында чыгарылган. 1991-жылы бул машиналар менен Советтик армия куралданган. Башында бул аппараттар континенттер аралык баллистикалык ракеталарды мобилдүү кое берүү орнотмолорун аба аркылуу жеткирүүгө багытталган. Билишибизче, көз карандысыз Украинанын мындай ракеталары жок.
Ульяновскиде 56 "Русландын" 36сы чыгарылган, украиналык ANTONOV фирмасынын төрт өндүрүмүнүн тизмегине Ан-124 тегин жерден кирбей калган эмес. Украиналык авиа өнөр жай тармагынын абалынан улам канаттуу алп аппараттарды чыгаруу кыял гана бойдон калышы ыктымал. Технологиялык деградация – постсоветтик мейкиндикте Орусия менен бир тараптуу мамилесин үзгөн өлкөлөрдүн баарына таандык көрүнүш.
Айтмакчы, дүйнөгө белгилүү советтик авиаконструктор Олег Антонов Москва губерниясынан чыккан, Саратов жана Ленинградда окуган, конструктордук чыйырын Москвада баштаган. 1946-жылдан тарта Орусиядагы Сибирь илим изилдөө авиация институтун жетектеген, кийин, 1952-жылы аталган илимий жай Киевге көчүрүлгөн.
Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg