www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жумада Казакстандын экс-президенти Назарбаев үн катып, 2019-жылдан бери пенсияда экендигин баса белгиледи. Орусия президентинин пресс-катчысы Песков Путиндин Токаев менен Назарбаевке мамилеси жакшы экендигин билдирип, бул жылуу мамилелер кала берерин билдирген. КНБ жетекчиси уйгур улутундагы Масимов  укурукка чалынып камакка алынды. Ушундан улам Назарбаевдин таянган тоосу урап, Казакстанда болуп жаткан кырдаалдан Назарбаевдин доору бүтүп, Токаев жеңишке жетишти десе болот. Назарбаев-Токаев тандеминин таш-талканы чыгып Назарбаевдин кадыры биротоло тебеленди. Өзүнө мураскор катары алгач Назарбаев кошоматты жакшы жасайт деп Масимовду тандаган, бирок казактар уйгурду мамлекет башына алып келбесине көзү жеткен соң, аны КНБ же бизче УКМКга жетекчи кылат. Токаевди мураскор кылар алдында, ал дипломат катары  бир топ жыл сыртта жүрүп командасы жок экенине басым жасаган. Ашына Өзбекстанда Каримов күтүлбөгөн жерден көз жумган соң анын кызы Гүлнара камалса, Лола бардык мүлктөрүнөн кол жууган. Ушуларга акыл калчап, Назарбаев көзү тирүүсүндө кыздарына бийликти өткөрүү үчүн Токаевди «трамплин» кылган. Формалдуу жана жашыруун бийлик анын колунда калган. Биринчи президенттик статусу ага кепил болуп берсе, Коопсуздук Кеңешинин төрагалыгы андан кийинки президенттин колу-бутун тушап салган. Уйгур Масимовдун КНБнын башында турушу Токаевди такалап турган. Казакстанда болуп жаткан курч кырдаал кош бийликти ташын-талкан кылып жиберди. Алгач өкмөт башында турган Аскар Мамин менен назарбаевдик доордун көзүрлөрү ордуларынан жылмышты. Анын отставкасын көптөн бери талап кылып келатышкан, бирок Назарбаевдин кадыр-баркы менен жүргөн.

5 январь күнү Назарбаевке каршы катуу сокку урулду, ал таянып келаткан уйгур Карим Масимов бошотулуп, 8 январда камакка алынды. Аны менен кошо КНБны өзү билип, өзү тейлеген Назарбаевдин инисинин уулу Самат Абиш кызматынан кол жууду. Анын артынан Назарбаевдин ишенген адамдары кызматтарынан кол жуушуп, Назарбаев үй-бүлөсү менен сыртка чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Албетте, Токаевди бул жерде башкы уюштуруучу катары кароого болбойт. Ал учурдан пайдаланып Назарбаевдик колу-бутун тушап турган чынжырдан кутулду. Акыркы мезгилде болуп жаткан саясий хаос назарбаевдик замандан биротоло кутултуп Токаевдин заманы башталды.

Кырдаал 2011-жылы Назарбаевдик бийлик тарабынан атылган Жаңы-Өзөн шаарында газдын баасын түшүрүү тууралуу талап менен башталды. Жаңы жылдан баштап бийлик жүргүзүп жаткан реформалардан улам баа эки эсе кымбаттап кеткен. Бааны өкмөт эмес, эркин рынок чечип калган. Газ – Казакстандын батышы үчүн өтө орчундуу тема болгон, себеби ал жакта авто унаалардын 90 пайызы жана үй чарбачылыгынын 70 пайызы газды колдонушат.

 3 январда Жаңы-Өзөндөн башталган бул кырдаал соц тармактар аркылуу бүтүндөй өлкөгө тараган. 2019-жылы Кытайга каршы чыкканда да бүтүндөй мамлекетке тарап кеткен. Оор кырдаалдардын чыгышына негизги себеп акыркы мезгилдерде казак коомчулугу кымбаттоолордон улам алсырап бараткан. Официалдуу инфляция: 2020-жылы 7,5% болсо, 2021-жылы 8,9% жеткен.  Азык- түлүктөр андан бешбетер кымбаттаган.

Ички миграция  борбору Нур-Султанда, эксборбор  Алматыда күчөгөн. Ошондуктан Алматы каршылык көрсөтүүнүн борборуна айланган. Алматыда жаштар, студенттер көп, алар Кыргызстанда алтынчы президенти менен жашап жатышат деп кыйкырып жүрүшөт. Президент Токаев Жаңы-Өзөндүктөрдүн оозун жапкыча Алматыда катуу каршылык көрсөтүү башталып кетти. Шаарда күч органдарына каршы чыгышып, мародерчулук күч алып кетти. 

Андан соң интернетти кайра-кайра өчүрүшүп, бул кезде Алматыда курал дүкөндөрү тонолуп,  супермаркеттер, банкоматтарга мародерчулук жүрүп, машиналар өрттөнүп, аскердик уралдар тартылып алынды. Митингчилер акимат, прокуратура, телеканалдарды жана башка тиешелүү жайдарды басып алышып, талкалап, өрттөп жиберишти. Алматынын аэропорту жа бир нече саат булардын колунда болду.  Машинанын багаждарынан автоматтар таратылып, өлгөн кишилердин да саны артты.

Президент Токаевдин билдирүүсүндө радикалдар кошулуп алар сырттан каржыланып жатканын айтты. Ошондуктан ал митингчилерге каршы ок атууну 7-январда буюрду.

Казакстандын бийлиги мындай башаламандыкты өз күчү менен баса албасын түшүнүп ЖККУ (ОДКБ) жардам сурап кайрылды. 6-январда ЖККУ макулдугун берди. Көп убакыт өтпөй ЖККУнун аскер күчтөрү Казакстанга кире баштады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости