www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын жаранына ок атылып, ал ооруканага түштү. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги окуя 16-январда болгонун билдирет.

Ага ылайык, автосервисте иштеген кыргызстандык менен кардар ортосунда чыр чыгып, кардар ок чыгарган. Кыргызстандын жараны оң жаагынан жаракат алып ооруканага жаткырылган.

Шектүү адам милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ага карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Расмий маалыматтарга караганда, Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашуун. Бейрасмий маалыматтарда алардын саны бир миллиондон көп экени айтылып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости